1 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИ КАФЕДРАСЫ НАРМЫРЗАЕВА КУРМАНЖАН ЖЫРГАЛБАЕВНА МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫ ЖАЗУУНУН ЫКМАЛАРЫ Окуу - усулдук колдонмо ОШ-2024 2 УДК 378 ББК 74.48 Н 29 ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен басмага сунушталды Редактор: доцент К. Нармырзаева Рецензент: филология илимдеринин доктору, профессор К.Зулпукаров Нармырзаева К.Ж. Н 29 Магистрдик диссертацияны жазуунун ыкмалары: Окуу - усулдук колдонмо. – Ош: 2024. - 85 б. ISBN 978-9967-06-047-0 Окуу-усулдук колдонмодо магистранттардын жазма кебинде илимий стилин жана компонентүүлүгүн калыптандыруу, магистрдик диссертациянын талаптарынын аткарылышы, глоссарий, магистрдик диссертацияны жазууда үлгүлөрдүн тиркемелерин, авторефераттын резюмелерин, киришүүсү кандай жазылат берилген, пикирлер, илимий макаланын талаптары көрсөтүлөт. Жазуу үчүн үлгү тиркемелер аркылуу берилет. Окуу-усулдук колдонмо аспирант, магистрантарга,бүтүрүүчү курстун студенттерине,жаш окумуштууларга арналат. УДК 378 ББК 74.48 ISBN 978-9967-06-047-0 © Нармырзаева К.Ж., 2024 3 АЛГЫ СӨЗ Кыргыз мамлекетинде да интелектуалдык өсүп өнүгүүнүн 21-кылымдагы талабы ар бир жаран, адис, филолог мамлекеттик тилдин бирдиктерин, тилдик каражаттардын жазуу жана оозеки кебинде пайдалана алуу, ал аркылуу өзүнүн кебинде, сүйлөө маданиятынын негиздерин түзүү актуалдуу негизги маселелердин бири болуп эсептелет. Демек, мыкты адис өз кесибин ар тараптан билүү менен гана чектелбейт. Ал мамлекеттик тилди мыкты билген, өздөштүргөн,кеп ишмердүүлүгүн, кептик этикеттин талаптарына ылайык сүйлөй билген, ой-пикирин так, кыска жана түшүнүктүү туюнткан, аудиториянын өзгөчөлүгүнө, кызыгууларына жана интелектуалдык талабына ылайык, ар бир адистиктиктин кептик ишмердүүлүктөрүнө ылайык стилде текст түзүү, диалог жүргүзө алган, кыргыз тилинин орфоэпиялык, орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерин, диалектилик, говордук өзгөчөлүгүн ажырата билген ар тараптуу адис болушу зарыл. Адабий тилдин колдонулуш маданиятын көтөрүүдө тил илиминин бир бөлүгү болгон орфографиянын стилистиканын ролу чоң мааниге ээ. Орфография филологияда тил илиминин бир тармагы.“Сабаттуулук- мадаанияттын күзгүсү” деп белгиленгендей магистрдик чөйрөдөн баштап калыптанып иштеп жаткан адистикке жеткенге чейин илимий стилде жазылуучу эмгектерди, мамлекеттик тилдин мыйзамына ылайык илимий иштерди даярдоодо башкы көңүл буруу менен мамиле жасоо. Магистратурада эмнени окуп, эмнени үйрөнөбүз, жазабыз. Илимий стилди калыптандыруу керек. Албетте, илимий стилдин эрежелерин билбей туруп, илимий макала, магистрдик диссертация, диссертацияларды, окуу куралдарын, монографияларды жазууга мүмкүн эмес.Аталган эмгектен магистранттар, адистер бир топ сиздерге тиешелүү болгон материалдарды алып, иш чөйрөңүздө колдонот деген терең ишенимдемин. Автор 4 МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ СТИЛИН ЖАНА КОМПОТЕНТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ Магистранттар конкреттүү адистештирилген чөйрөсүндө билимдердин жогорку деңгээлине ээ болуу.Практикада бул жаңы теориялар, интерпретациялар, методдор жана технологиялар менен таанышып билимин өстүрүүгө жетишүүгө, түзүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдалана билүүгө жетишүү.Теориялык жана практикалык жагынан жаңы кубулуштарды, сынчыл аңдап түшүнүү менен интерпретациялай алуу, көз карандысыз изилдөө медоддорун билүү жана натыйжаларды жогорку деңгээлде интерпретациялап, компонентүүлүгүн калыптандыруу. Дисциплинанын негизги приннциптерин мисалы,темасы боюнча план-проспекти түзүү, тиешелүү адабияттарды издөөдө, илимий макала жазууда, магистрдик диссертацияны даярдоодо, кесиптик деңгээлде өнүккөн компотенцияга ээ болуу. Бүтүрүүчүлөр даярдалган негизги кесиптик ишмердүүлүктүн конкреттүү түрлөрү ЖОЖ тарабынан тиешелүү кесиптик стандарттын негизинде же жумуш берүүчү тарап менен бирдикте иштелип чыккан билим берүү программаларынын мазмунун аныктоосу зарыл. Магистрлердин кесиптик ишмердүүлүгүнүн милдеттери: 1.Илимий-ишмердүүлүктө: - филологиянын жана башка гуманитардык тармактарында теориялык жана практикалык билимдерди колдонуу менен изилдөөлөрдү жүргүзүү; - квалификациялык анализ, коментарий берүү, реферат жазуу жана азыркы ыкмаларды колдонуу менен башка адистер, ата мекендик жана чет элдик тажрыйба жүргүзгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жалпылоо; - филологиялык кеңири маселелерге изилдөө жүргүзгөн илимий жаматтын ишмердүүлүгүн башкаруу,илимий публикацияларды даярдоо жана редакциядан өткөрүү; 5 2. Педагогикалык ишмердүүлүктө: - окутууну жана филологиялык билимдерди жайылтууну камсыз кылуу үчүн материалдарды,ар кандай типтеги тексттерди квалификациялык интерпретациядан өткөрүү; - билим алуучулардын жаш өзгөчөлүгү жана жеке өзгөчөлүгүнө жараша кесиптик-нравалык сапатын жана мамилесин калыптандыруу; - билим берүү мекемелеринде, ошондой эле балдарга жана чоңдорго кошумча билим берүү проргаммасынын чегинде филологиялык дисциплиналар боюнча лекциялык сабактарды өткөрүү; - студенттердин практикаларынын бардык түрлөрүн уюштуруу жана жүргүзүү, студенттердин илимий изилдөө иштерин башкаруу; - филологиялык дисциплинар боюнча окуу китептерин, окууметодикалык комплекстерин иштеп чыгуу; - илимий,техникалык жана илимий методикалык адабияттардын жана жеке изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде МББС, билим берүү программаларын жана жеке билим берүү траекторияларынын, окуу дисциплиналарынын программаларын курстарынын долбоорун түзүү; - студенттердин илимий изилдөө жана практикалык иштеринин маданият аралык коммуникация чөйрөсүндө жаралган конфликттик жагдайларда чечимдердин методикаларын иштеп чыгуу; 3. Котормочулук жана редакторлук ишмердүүлүктө: - бардык типтеги тексттерди редактирлөө, реферат даярдоо жана системага салуу жана иштиктүү документация түзүү; - ар кандай типтеги тексттерге, көркөм чыгармаларга квалификациялык котормо жүргүзүү, тиешелүү редакторлук жана басма комментарийлерин жасоо; - ар кандай формадагы чогулуштарды, консультацияларды, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү ж.б. котормо менен камсыз кылууну уюштуруу; - редактирлөө, комментарий берүү процесстерин уюштуруу, заманбап методдорду жана санариптик технологияларды колдонуу менен ар кандай типтеги тексттерди жайылтуу. 6 4.Уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүк: -семинарды, илимий дискуссияларды жана конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү, өндүрүштүк жаматты башкаруу, инновациялык ыкма менен өндүрүштүк маселелерин чечүү; - профилдик жана тармак аралык деңгээлдеги кесиптик дискуссияларды өткөрүү; -ишмердүүлүктөрдүн бардык чөйрөлөрүндөгү коммуникациялык тапшырмаларды чечүү, чечендик өнөр ыкмасын колдонуу менен эл алдына чыгып сүйлөөлөрдү пландаштыруу; - эксперттик профессионалдык топтордун уюмдардын иштерин уюштуруу, алардын иштеринин жыйынтыктарын көрсөтүү, стратегиялык топтук көрсөткүчтөрдү баалоо; 5. Эксперттик-аналитикалык ишмердүүлүк: - филологиялык билимдерди жайылтуу багытында долбоорлорду иштеп чыгуу: аймактык кептик ишмердүүлүктүн деңгээлинин мониторинги боюнча долбоорлорду түзүү; кеп маданиятын өнүктүрүү: филологиялык лекцияларды, майрамдарды, фестивалдарды, белгилүү даталарга байланышкан, маданий жактан маанилүү мааракелерди долбоорлоо; - маданият аралык коммуникация, улуттар аралык кептик пикир алышууда, көп маданияттуу чөйрөдө кептик этикеттин долбоорлорун иштеп чыгуу; - китеп басып чыгуу долбоорлорун иштеп чыгуу; - пикир алышуу конструкторунун практикалык баалуулуктарын уюштуруу-иштиктүү документация, жарнамалык, пропагандалык публикациялык ж.б. тексттер, маалыматтык компаниялардын сценарийлери Өндүрүштүк –практикалык максаттарда коомдун, индивиддин талаптарына ылайык оозеки жана жазуу кебинин филологиялык экспертизасы боюнча этикалык, нормативдик –укуктук нормалардын чегинде кызмат көрсөтүүнү уюштуруу; Магистранттын негизги принциптеринин бири – темасы боюнча план-проспектини түзүү, тиешелүү адабияттарды издөөдө, илимий 7 макала жазууда, магистрдик диссертацияны даярдоодо, кесиптик деңгээлде өнүккөн компотенцияга ээ болуу. Магистранттарды кесиптик багытка даярдоодо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын эске алуу менен жана илимий ишин изилдөөдө, даярдоодо илимий стилин, тилдик каражаттарын, компотентүүлүгүн жогорку деңгээлде калыптандыруу керек. Магистр–өнүгүүдө же идеяларды колдонууда, көбүнчө изилдөө контекстинде, оргиналдуулук үчүн базисти же мүмкүнчүлүктү камсыздайт. Магистрант-стилди билүү, сабаттуулугу жогору, илимийизилдөө иштерин жүргүзүүгө белсенген инсан Илимий стиль – илимий макала, эмгек ж.б. жазууда тил каражаттарын колдонуунун ыгы. Бул стилге жалпылагандык, логикалуулук, обьективдүүлүк, тактык, системалуулук, ырааттуулук ж.б. мүнөздүү. Стиль – тексттин тилдик бирдиктерди жана экстратилдик каражаттарды колдонушунун биримдиги. Стилистика - сүйлөөчүнүн же жазуучунун оюн башка бирөөлөргө так берүү үчүн тилдик каражаттарды туура тандап алуунун ыгын үйрөтүүчү тил илиминин бир бөлүгү болуп саналат. Стилистиканын изилдей турган негизги обьектиси – тил. Стилистикада тилдин ар түрдүү шартта, тилдик катнаштын ар кандай формада, коомдук турмушта ар түрдүү колдонулушун изилдейт. Стилистика тилдик материалдардын төмөнкүдөй маселелерин ичине камтыйт: тилдик норма, стиль, стилдик маани, стилдик боёк. Кыргыз тилинин стилистикасынын өнүгүшү, жазма тарыхы саналуу гана мезгилди өзүнө камтыгандыктан, азыркы мезгилде көптөгөн илимий-лингвистикалык ачылыштарды талап кылууда. Стилдин түлөрүнө ылайык текст жазуунун ар бир стили тилдик каражаттарды талап кылат жана өзүнчө стилистикалык боёкко ээ. Окумуштуу Т.Аширбаев, профессор Т.Маразыковдун илимий стиль боюнча эмгегин негизге алып иштөө зарыл деп эсептейм. Илимпоздордун эмгегинде илимий стилдеги тексттин бүтүндөй 8 табияты коомдогу илимий чөйрөнүн, илимий ишмердиктин максаттарына,милдеттерине,анда маалымат алмашуунун, ойду туюндуруунун жана аны кабылдоонун өзгөчөлүктөрүнө тыгыз байланыштуу. Илимий стилдин тексттин маанилик-стуруктуралык, логикакоммуникативдик түзүлүшү, тилдик негизде ойду туюндуруу технологиясы, анда маалымат алмашуунун салттуу, калыпташкан жагдайлары, тактикасы жана стратегиясы, эстетикасы жана саясаты, адамдарга таасир этүүчү прагматикалык, комуникативдик өзгөчөлүктөрү илимий чөйрөнүн мыйзам-ченемине, талап муктаждыктарына бекем шартташкан. Ошондуктан илимий стилдеги тексттин табияттын, анын маанилик-стуруктуралык уюшулуш мүнөзүн таанып билүү үчүн, эң алгач, илимий чөйрөнүн жалпы жана жеке өзгөчөлүктөрүн таанып билүү зарыл. Илимий стилдеги тексттин маанилик-стуруктуралык жактан уюшулушу илимий стилдин жанрларына, илимий негизде маалымат алмашуунун түрлөрүнө, жагдай шарттарына, ал маалымат алмашууда көтөрүлгөн илимий маселеге жана текстке багышталган кабыл алуучунун (адресаттын) жөндөм-шыгына, тажрыйбасына, билим деңгээлине, жалпы табиятына жараша болот. Маселен, илимий иш киришүүдөн, негизги бөлүмдөн, кортундудан жана колдонулган адабияттардан турат. Кээде ар түрдүү тиркемелер сунушталат. Илимий тексттин композициялык бөлүктөрү ачык, так туюндурулгандыктан, анда маалыматты баяндоонун өнүгүшү, үзгүлтүксүз кыймылы жана мазмундук жактан уюшулушу даана билинет. Бүтүрүүчүлөр аяктап, магистратурага алдын ала тема тандалып, жетекчи аркылуу бирге темалар тандалып, буйрук чыгуу менен иштер бир жылдык мөөнөттө жазылуу аракети жүрөт.Жетекчи тарабынан магистрдик диссертациялык иштин план-проспектиси түзүлүп, кеңеш берилип түзүлөт. Тиешелүү адабияттар менен, материал топтоо этабы иштелет.Албетте, магистрдик иш илимий стилдин талаптары менен жазылат. Магистрдеги иштеги тексттеги маалыматтар алдын ала ойлонуштурулуп, бардык жагдай шарттар эсепке алынып туюндурулат. Алдын ала ойлонуштурууда 9 туюндурулуучу маалыматтын максаты, милдеттери, логикалык ирээт-тартиби, текстте буга чейин жана мындан кийин туюндурулуучу башка маалыматтар менен болгон анын байланышы, карым-катнашы, ал маалыматтын текстте көтөргөн прагматикалык жүгү жана коммуникативдик кызматы такталат. Текстти түзүп турган бирдиктердин, байланышы, бири-бири менен болгон карымкатнашы, уюшулушу тыккан жана так болот. Илимий стилдеги текстте мазмундук мазмундук түзүлүшүнүн бекем болушу, тексттеги маанилик бөлүктөрдүн байланыш системасы, алардын үзгүлтүксүз кыймылы так, ырааттуу болушу талап кылынат. Илимий стилдеги тексттин маанилик-стуруктуралык уюшулушуна, түзүлүшүнө илимий тексттердин стуруктуралык композициясы жана алардын жанрдык ар түрдүүлүгү таасирин тийгизет. Илимий стилдеги текст стуруктуралык-композициялык жактан, негизинен, калыпташкан (стандарттуу) болот. Диссертация - (латындын диссертатио – ойлоо, ой жүгүртүү, талдоо деген сөзүнүн маанисинен алынган). Илимий даражага жетишүү максатынан атайын коргоо үчүн кандайдыр бир илимий изилдөө-иликтөө иштерине арналып жазылган эмгек. Диссертациянын мазмуну менен стуруктурасы илимий изилдөөнүн предмети жана милдетине толук түрдө жооп берүүгө тийиш. Анын актаулдуулугу менен практикалык маанилүүлүгү, андан келип чыккан негизги кортундулар автордун келечектеги эмгектеринде пайдаланылышы мүмкүн. Диссертациялар бир нече жылдап иликтөөнү талап кылат. Диссертациядагы табылгалар актуалдуу болуу керек. Практикада натыйжаларды берип керектөөнү, суроо талапты аткарууга жетишүү керек. Магистрдик иш киришүүдөн, негизги бөлүмдөрдөн, кортундудан, колдонулган адабиятардын тизмесинен, шарттуу кыскартуулардан, тиркемелер, таблицалардан турат. Кээде максатка ылайыктуу ар түрдүү тиркемелер сунушталат. Илимий шилтемелер так берилүү менен жазылат. Диссертация илимий чөйрөдө илимий стилдин талаптарынын орфографиялык, стилистикалык, пунктуациялык эрежелер сакталуунун негизинде жазылат. 10 МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫН ТАЛАПТАРЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ Магистр төмөндөгүлөргө милдеттүү: 1. Конкреттүү дисциплинанын адистештирилген областында билимдердин жогорку деңгээлине ээ болуу. Практикада бул соңку жаңы теориялар, интерпретациялар, медоддор жана технологиялар менен тааныш болууну билдирет. 2. Теорияда жана практикада соңку жаңы кубулуштарды сынчыл аңдап түшүнүү жана интерпретациялай алуу; Көз карандысыз изилдөө медоддорунда жетиштүү компотенттүү болуу натыйжаларды жогорку деңгээлде интерпретациялай алуу. 3. Дисциплинанын негизги приннциптерине (канандор), чектелген болсо да, оргиналдуу салым кошо ала турган болуу, мисалы, диссертация даярдоо. 4. Дисциплинаны мыкты билүү, колдоно алуу жагынан оргиналдуулукту жана чыгармачылыкты демонстрациялоо 5. Кесиптик деңгээлде өнүккөн компотенцияга ээ болуу. Магистрдик диссертациянын мазмуну магистранттарды кесиптик даярдоодо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын эске алуу менен жана төмөнкүлөрдү диссертациялык ишинде камтуу керек: - изилдөө предметин жана обьектисин негиздөө менен коюлган изилдөөнүн максаты жана милдеттери; - изилдөө каражаттарын жана усулдарды кошуу менен каралган теориялык же эксперименталдык бөлүгү; - изилдөө жыйынтыктары теориялык, практикалык жана жаңы илимий -усулдук мааниге ээ болгон илимий жаңылыгы; - алынган илимий натыйжаларды, жыйынтыктарды илимий конференцияларда, семинарларда баяндама жасоо, апробациялоо жана илимий макалалар (2ден кем эмес) түрүндө КР ЖАКта катталган (рецензияланган) жыйнактарда, журналдарда (илимий басылмаларда) жарыялоо; 11 алынган жыйынтыктарды талкулоо; жыйынтыктоо жана сунуштоо (рекомендациялоо); колдонулган адабияттардын тизмеси; тиркемелер (зарыл болгон учурда гана) Магистрдик диссертация окуу куралдык же рефераттык мүнөздө болбоосу керек. Магистрдик диссертацияны мамлекеттик жана расмий тилде жазууга уруксат берилет. Магистрдик диссертациянын материалдары төмөнкү тартипте жайгашуусу шарт: - титулдук барак - беттеринин номери менен мазмуну - шарттуу белгилердин (зарыл болгон учурда) тизмеси; - киришүү; - негизги бөлүк (бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, пункттар); - корутунду; - колдонулган адабияттардын тизмеси (5-тиркеме); - тиркемелер - кеңейтилген аннотация (автореферат, 6-8 бетке чейин); Авторефератта диссертациянын кыскача мүнөздөмөсү, коргоого сунуштаган негизги идеялары, жыйынтыктары жазылып, жүргүзгөн изилдөөлөргө автордун кошкон салымы, жаңылыгынын даражасы, изилдөө натыйжаларынын практикалык мааниси көрсөтүлүшү керек. Магистрдик диссертациянын материалдарынын апробацияланышы, тема боюнча жарыяланган илимий иштеринин тизмеси да келтирилет. Иш боюнча илимий макаласы алдын ала жарыялануу керек. *Эскертүү: Магистрдик диссертацияны жазууда ОшМУнун 29-бюллтениндеги жобого ылайык даярдоо керек - 1.МАКСАТЫ ЖАНА КОЛДОНУУ ЧӨЙРӨСҮ 1.1. Магистрдик диссертацияны аткаруунун максаты: - магистратуранын тиешелүү программасынын бүтүрүүчүсүнүн жалпы билим берүү жана кесиптик даярдоо көлөмүн; 12 - тиешелүү жаатындагы илимий адабият булактарын топтоо, үйрөнүү жана жалпылоо жөндөмдүлүгүн; - өз алдынча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий долбоорлор менен иш алып баруу, жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн; - иш жүзүндө алынган илимий маалыматтарды системалаштырууга жана жыйынтыктоого, тыянактарды жасай билүү жөндөмдүлүгүн; - изилдөө натыйжалары боюнча өз алдынча тыянактарды жасоо менен практикалык сунуштарды ырастай билүү жөндөмдүлүгүн көрсөтүүгө багытталган. 1.2. Бул жобо мамлекеттик стандарттын негизинде бардык магистрлерди даярдоо программалары боюнча магистрдик диссертациялардын структуралары, жазуу эрежелери жана коргоону уюштуруунун жалпы талаптарын тастыктайт. 1.3. Бул жободогу талаптардын аткарылышына, ишке ашышына магистратура жана PhD докторантура бөлүмү, магистрдик программалардын жетекчилери, магистрдик диссертациялардын илимий жетекчилери, бүтүрүүчү кафедра, магистрлерди даярдоочу факультеттердин декандары жана факультеттердеги магистратура бөлүмү жооптуу. 2. Жалпы жоболор Магистратуранын аяктоочу этабы болуп магистранттардын адистештирилген предметтери боюнча мамлекеттик экзамен түрүндө жыйынтыктоочу аттестациясы, жана квалификациялык жумушун - магистердик диссертацияны коргоо эсептелет. 2.1. Магистрдик диссертация - магистранттардын бүтүрүүчү квалификациялык жумушу болуп эсептелип, илимий жетекчинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн өз алдынча илимий изденүүлөрүнүн отчёту (эсеп-кысабы). 2.2. Магистрдик дисссертация автордун теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн колдонуу менен өз алдынча жүргүзүлгөн жана жеке салымын күбөлөндүргөн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, алынган илимий натыйжалар, 13 илимий жоболор түрүндө ачык эл алдында коргоого алып чыгуучу квалификациялык иш катары бааланат. 2.3. Илимий жетекчиликке – жогорку квалификациялуу адистердин ичинен окумуштуулук даражасы бар илимдин доктору же кандидаты же профили боюнча PhD багытындагы академиялык даражалуулар дайындалат. Даярдалып жаткан диссертациялардын сапатын жогорулатуу жана магистранттар менен иш алып баруу талабын жогорулатуу максатында ар бир илимий жетекчи бир эле учурда: илимдин доктору же профессор 3-5ке чейин магистрантты, доцент, илимдин кандидаты 2-3төн ашпаган магистранттын диссертациясына илимий жетекчи боло алат. 2.4. Магистрдик диссертациянын илимий жетекчиси: - ар бир жылы 1-октябрга чейин магистранттарга сунушталуучу магистрдик диссертациялардын темаларын, актуалдуулугун, иштин максатын, милдеттерин аныктап, изилденүүчү объектилерин тактап, пайдалануучу методдорун көрсөтүп, кыскача план-проспектиси менен бүтүрүүчү кафедрага тапшырат (№1 тиркеме); - магистранттарга тема тандоого көмөктөшөт; - бир тема тандалгандан кийин, ар бир магистрантка илимий изилдөө иштерине жетекчи дайындалат жана зарыл болсо консультанты кошо бекитилет - магистрдик диссертацияларды аткаруу үчүн тапшырмаларды түзөт (календардык (иш) план, жеке тапшырмалар); - магистрантка тандаган темасы боюнча магистрдик диссертацияны аткаруу үчүн түзүлгөн иш план боюнча изилдөө жүргүзүүгө календардык графикти иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекитет жана аткарылышын көзөмөлдөйт; - магистрантка темасы боюнча керектүү негизги адабияттарды, колдонмо жана архивдик материалдарды, типтүү долбоорлорду ж.б. булактарды сунуштайт; 14 магистрдик диссертациянын аткарылышын, магистранттын календардык графикти сактоосун көзөмөлдөп, текшерип туруу үчүн консультациялардын жадыбалын белгилейт; - магистранттын илим изилдөө иштерин, диссертациясынын бөлүмдөрүн, жалпы көлөмүн аныктайт, ошондой эле жазылышын, талапка жараша жасалгаланышын көзөмөлдөйт; - магистранттын диссертациясын коргоо үчүн презентация жасоого керектүү материалдарын талдашат, баяндамасын даярдоого көмөктөшөт; - МАКта магистранттын диссертациясына жазуу жүзүндө пикир берет; 2.5. Бүтүрүүчү кафедра магистранттардын жана илимий жетекчисинин магистрдик диссертациянын аткарылышы туралуу маалыматтарын, илимий иштеринин жыйынтыгы боюнча даярдалган баяндамаларынын тезистерин, макалаларын чыгаруу үчүн отчёттук маалыматтарын мезгил-мезгили менен күн тартибине кийирип угуп турат. 2.6. Магистрдик диссертацияны аткарууга карата тапшырмада (1тиркеме): иштин темасы, диссертация боюнча негизги аткарылуучу иштердин мазмуну, аткаруунун календардык планы. Диссертацияны аткаруу үчүн берилген тапшырма илимий жетекчиси жана магистранттын колдору коюлуп бекитилет. Магистрдик диссертациянын мазмунуна киргизилүүчү милдеттүү бөлүмдөрдүн тизмеси илимий жетекчи тарабынан аныкталат. - 3. Магистрдик диссертацияга коюлуучу негизги талаптар Магистранттардын кесиптик даярдоо боюнча коюлган КР ББж И Министрлигин стандарттындагы талаптарын эске алуу керек жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: - илимий мезгилдүү басылмаларды анализдеп, илимий адабияттарды карап чыгуу менен актуалдуулугунун негиздемесин, изилдөө темасын аныктоо, изилдөө объектисин жана предметин тактоону, изилдөө максаттарын, милдеттерин жана анын ичинде колдонууга сунушталуучу илимий ыкмаларды аныктоо; 15 - илимий-техникалык жана теориялык, колдонмо же илимийметодикалык мааниси бар жаңы натыйжаларды камтыган теориялык жана практикалык бөлүктөрү, анын ичинде; - терең талдалган бүтүмдөрү; - практикалык мааниси боюнча тыянактар, колдонууга сунуштар; - оригиналдуулугу (70 пайыздан кем эмес). 3.1. Магистрдик диссертациялардын тематикалары 3.1.1. Магистрдик диссертациянын темасын тандоодо төмөнкү принциптерге таянуу зарыл: теманын актуалдуулугуна, илимдин, техника жана технологиянын заманбап өнүгүшүнө дал келүүсүнө жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталышына; - Магистратурадагы окуу процессинде жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөргө жана каралган долбоорлук иштерге негизделиши керек; - тандалган теманын адабий-илимий булактарда (акыркы 5-10 жылдарга басым жасоо зарыл) чагылдырылуусу боюнча канчалык даражада изилденип, такталып жатканын эске алуу; - диссертация менен иштөөнүн жүрүшүндө эксперименталдык маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү; - изилденип жаткан темадан алынган натыйжалардын өнөр-жай, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү ж.б. тиешелүү жергиликтүү тармактарда кызыкчылыктарын эске алуу. 3.1.2. Ар бир жылы магистранттарга тандоого берилүүчү магистрдик диссертациялардын темалары тиешелүү Программанын жетекчилеринин катышуусунда сунушталган темалардын актуалдуулугуна, практикалык маанисине, изилдөөнүн зарылдыгына карап, кафедрада талкууланып, факультеттин Окумуштуулар Кеңешинде бекитилет. 3.1.3. Магистрдик диссертациянын темасынын актуалдуулугун, изилдөөнүн максаттуулугун, милдеттерин айгинелесе магистрант теманы өзү сунуштоо укугун алат. 3.1.4. Магистрдик диссертациянын темасы жана илимий жетекчиси жооптуу кафедранын башчысынын сунушу боюнча жана 16 магистратура, PhD докторантуранын башчысынын макулдугу менен университетинин ректорунун буйругу менен бекитилет. 3.1.5. Өзгөчө учурларда магистрдик диссертациянын темасына өзгөртүү киргизүү мүмкүн (магистрдик диссертациянын аткарылышы окуу графигинде бекитиле электе). Бул учурда магистрант илимий жетекчисинин (диссертациянын) жана программа жетекчисинин макулдугу менен ректордун атына арыз жазат. Андан ары магистрдик диссертациянын темасынын бекитилиши 3.1.4. пунктуна дал келет. 3.2. Магистрдик диссертациянын мазмунуна коюлуучу талаптар: 3.2.1. Магистрдик диссертациянын мазмуну магистранттарды кесиптик даярдоодо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын эске алуу менен жана төмөнкүлөрдү камтуу керек: - изилдөө предметин жана обьектисин негиздөө менен коюлган изилдөөнүн максаты жана милдеттери; - изилдөө каражаттарын жана усулдарды кошуу менен каралган теориялык же эксперименталдык бөлүгү; - изилдөө жыйынтыктары теориялык, практикалык жана жаңы илимий усулдук мааниге ээ болгон илимий жаңылыгы; - алынган илимий натыйжаларды, жыйынтыктарды илимий конференцияларда, семинарларда баяндама жасоо, апробациялоо жана илимий макалалар (2ден кем эмес) түрүндө КР ЖАКта катталган (рецензияланган) жыйнактарда, журналдарда (илимий басылмаларда) жарыялоо; - алынган жыйынтыктарды талкулоо (обсуждение результатов); - жыйынтыктоо жана сунуштоо (рекомендациялоо); - колдонулган адабияттардын тизмеси; - тиркемелер (зарыл болгон учурда гана) 3.2.2. Магистрдик диссертация окуу куралдык же рефераттык мүнөздө болбоосу керек. 17 3.2.3. Магистрдик диссертацияны мамлекеттик жана расмий тилде жазууга уруксат берилет. 3.3. Көлөмүнө коюлган талаптар: 3.3.1. Табигый-техникалык багытта аткарылган магистрдик диссертациялардын тиркемелеринен тышкары бети 60 беттен аз эмес, ал эми гуманитардык багытта 80 беттен кем болбошу шарт. 3.3.2. Графикалык жана иллюстрациялык иштин көлөмү жетекчи менен макулдашылып зарылдыкка жараша тандалат. 3.4. Түзүлүшүнө (структурасына) коюлган талаптар: 3.4.1. Магистрдик диссертациянын материалдары төмөнкү тартипте жайгашуусу шарт: -титулдук барак (ушул жобонун 2-3тиркемелери); - беттеринин номери менен мазмуну (4-тиркеме); - шарттуу белгилердин (зарыл болгон учурда) тизмеси; - киришүү; - негизги бөлүк (бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, пункттар); - корутунду; - колдонулган адабияттардын тизмеси (5-тиркеме); - тиркемелер - кеңейтилген аннотация (автореферат, 6-8 бетке чейин); 3.4.2. Авторефератта диссертациянын кыскача мүнөздөмөсү, коргоого сунуштаган негизги идеялары, жыйынтыктары жазылып, жүргүзгөн изилдөөлөргө автордун кошкон салымы, жаңылыгынын даражасы, изилдөө натыйжаларынын практикалык мааниси көрсөтүлүшү керек. Магистрдик диссертациянын материалдарынын апробацияланышы, тема боюнча жарыяланган илимий иштеринин тизмеси да келтирилет. Авторефераттагы резюме (аннотация) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде берилет. Резюменин тексти кыскача түрдө изилдөө обьектисин, максатын, милдеттерин, изилдөө усулдарын жана алынган илимий жыйынтыктарды, алардын жаңылыгын жана изилдөө натыйжаларынын практикада колдонууга сунуштар кыска баяндалат. Резюменин көлөмү жарым же бир беттен ашпайт 18 жана ал авторефераттын көлөмүнө кирбейт. Автореферат типографиялык ыкма менен басылат. 3.4.3. Титулдук баракча (№2.Тиркеме) Титулдук баракчада окуу жайдын толук аталышы, магистранттын фамилиясы, аты, атасынын аты (ФАА) диссертациянын темасы, шифри, программаныны багыты, илимий жетекчисинин ФАА, окумуштуулук даражасы, наамы, аткарылган жери, жылы көрсөтүлөт. 3.4.4. Шарттуу белгилер, символдор, бөлүмдөрдөгү атайын терминдер тизмеси (эгер зарыл болсо) атайын терминдерди жалпы кабыл алынган кыскартуулар менен белгилейт, ошондой эле аз колдонулган жаңы белгилер, жана кыскартуулар өзүнчө тизме менен берилиши мүмкүн. Тизме мамыча түрүндө жайгашкан болушу керек, мисалы, сол тарабында алфавиттик тартипте шарттуу кыскартуулар, ал эми оң тарапта - анын толук чечмелениши. Эгерде атайын терминдердин кыскартуулары, шарттуу белгилер, белгилер, ж.б. үчтөн кем кайталанса, тизмеге келтирбестен эле алар текстте биринчи келтирилген жеринде аларды чечмелөөнү берип койсо болот. 3.4.5. Киришүүдө тандалган теманын актуалдуулугун, предметин жана изилдөө обьектилерин, максаттарын, милдеттерин кыска жана так негиздеп, магистрдик ишти изилдөө усулдарын жана алынган илимий жыйынтыктарды анализдөө баяндалат. 3.4.6. Негизги бөлүк магистрдик иштин авторунун, жетекчинин чечими менен 2 же 3 бөлүмдөн туруп, автордун кырдаалга анализи жана көз карашынын болушу, тиешелүү багыттын кыскача тарыхый жана акыркы 5-10 жылдагы абалынын анализи, проблемаларды чечүүнүн жолдору, изилдөөнүн методологиясы, өткөрүлгөн теориялык жана эксперименталдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жана алынган натыйжанын практикада колдонуусуна көрсөтмөсү, сунуштары менен (эгерде сунуштама акт түрүндө берилсе, ал тиркемеге кийирилип, практикалык маанисине өзгөчө баа берилет) берилет. 19 3.4.7. Магистрдик диссертациянын корутундусунда киришүүдө көрсөтүлгөн, изилдөө милдеттеринин чечилүүсү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы катары чагылдырылып, аларды колдонууга практикалык сунуштарды камтуу менен материалдын теориялык баалуулугун арттырат. 3.4.8. Колдонулган адабияттардын тизмесинде автордун магистрдик диссертацияны жазууда пайдаланган бардык маалымат булактары, укуктук жана нормативдик документтер көрсөтүлөт. 3.4.9. Тиркемелерде диссертациянын текстине кошумча материалдары кийирилет. Тиркеме болуп, изилденүүдө пайдаланылган материалдардын кеңейтилген баяндоосу, изилдөө жүргүзүүдө колдонулган айрым инструменттердин үлгүсү, чоң форматтагы таблицалар, кылдат берилген эсеп- кысабы, графикалык материалдар жана башкалар болуп эсептелет. Магистрдик иштин бардык тиркемелерине текстин тиешелүү бөлүгүндө шилтеме берилүүсү абзел. 3.5.Тариздөөнүн талаптары 3.5.1. Магистрдик диссертация компьютерде А4 форматындагы барактын бир бетине, Times New Roman шрифтинде 14-көлөмдө, саптардын ортосундагы аралыгы бир жарым калтырылып жазылат. Абзацтын чеги текстте бирдей 12,5 мм болот. 3.5.2. Магистрдик диссертация баракта: сол жагынан - 30 мм, үстүнөн жана астынан – 20мм, оң жагынан – 10мм аралыкта даярдалат. 3.5.3. Структуралык элементтеринин аталыштары текстте симметриялуу жазылып, тексттен бир сап менен бөлүнөт. Аталыштын алды сызылбайт. 3.5.4. Магистрдик диссертациянын тексти бир нече бөлүмдөргө бөлүнөт. Тексттин бөлүмдөрү зарылдыкка жараша бөлүмчөлөргө, бөлүмчөлөр пункттарга жана пунктчаларга бөлүнөт. 3.5.5. Бөлүмдөр жана бөлүмчөлөрдүн аталыштары болот. Бөлүмдөр жана бөлүмчөлөрдүн аталыштары бөлүмдөр жана бөлүмчөлөрдүн, пункттардын мазмунун так, кыска туюндуруусу зарыл. 20 3.5.6. Бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, пункттар же пунктчалар араб цифрасы менен номерленип, номер аталыштан мурда коюлат (бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, пункттар: 1.1.1. – 1- бөлүм, 1.1. -1бөлүмдүн, 1- бөлүмчөсү, 1.1.1. 1-бөлүмдүн, 1- бөлүмчөсүнүн, 1пункту). 3.5.7. Тексттик документтердин беттери биринин артынан бири араб цифрасы менен иреттүү белгиленет. 3.5.8. Титулдук барак документтин жалпы номерленүүсүнө кирет, бирок ага номер коюлбайт. 3.5.9. Башка барактарда жайгашкан сүрөттөр, иллюстрациялар жана таблицалар диссертациянын жалпы беттеринин иреттүү номерленүүсүнө кошулат. 3.5.10. Даяр магистрдик диссертациянын барактары тигилип коюлат. 3.6. Иллюстрация 3.6.1. Иллюстрациялар (сүрөттөр, карталар, графикалар, схемалар, диаграммалар, фотосүрөттөр) магистрдик диссертацияда түздөнтүз биринчи пайдаланылган жеринде текстен кийин берилет, же көлөмдүү болсо кийинки бетке жайгаштырылат. Эгерде өтө чоң көлөмдүү болсо тиркеме түрүндө берилип, мазмунунда тиркеменин номерине шилтемелер көрсөтүлөт. Иллюстрациялар компьютерде даярдалып түстүү болушу да мүмкүн. Ошондой эле иллюстрацияларга диссертациялык иштин текстинде шилтеме берилүүсү шарт. 3.6.2. Иллюстрациялар “1-сүрөт” деген белги менен берилет. Эгер сүрөт бирөө болсо, “сүрөт” деп гана берилет. “1-сүрөт” андан соң анын аталышы ортодон саптын башынан абзац калтырылбай жазылат . Иллюстрациялардын номерлери араб цифрасы менен коюлат. Текстте иллюстрацияга шилтеме берүүдө “2-сүрөткө таянып же 2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй” деп жазуу керек. 3.7. Таблицалар 3.7.1. Сандык материалдар эрежеге ылайык таблица түрүндө жасалгаланат. Таблицанын түзүлүшүнүн үлгүсү 1-сүрөттө келтирилген. 21 3.7.2. Таблицаны бир беттен 2-бетке которууда таблицага башынан дагы бир номерди көрсөткөн графа кошуу зарыл. Которулган таблицанын графалардын аталыштары ташылбайт, бирок тиешелүү номерлери көрсөтүлөт. Ал эми таблицанын үстүндө “2таблицанын уландысы” деп коюу керек. 3.7.3. Диссертацияда бардык таблицаларга шилтеме берилиши керек. Шилтеме берилип жатканда таблицанын номери гана көрсөтүлөт. 3.7.4. Таблицалар, тиркемелердеги таблицаны эске албаганда араб цифрасы менен биринин артынан бири ирети менен коюлат. 3.7.5. Графанын аталышы жана таблицалардын саптары (кегль 12) баш тамгалар менен башталып жекелик түрдө, ал эми графалардын подтемалары эгер алар графанын аталышы менен бирдей сүйлөмдү түзүшсө кичине тамга менен, же өзүнчө мааниге ээ болушса баш тамга менен коюлат. Теманын жана подтеманын аягына чекит коюлбайт. 3.9. Пайдаланылган адабияттардын шилтемелери 3.9.1. Адабий булактар дисссертациянын текстинде пайдаланылган ордунда эле орун алып абзац коюлбай араб цифрасы менен номерленет. 3.9.2. Пайдаланылган булактардын шилтемесин чарчы кашаада [5] белгиленет. Бир эле адабиятка кайра-кайра шилтеме берилсе, анда ошол адабияттын жана беттердин номери жазылат ([5,7-б.]). 3.9.3. Пайдаланылган булактар КР ЖАКтын кандидаттык (доктордук) диссертацияларда пайдаланылган адабияттарга шилтемелерине койгон талаптарга таянып жазылат. 3.10. Тиркемелер 3.10.1. Тиркемелер магистердик диссертациянын уландысы катары кийинки беттерине кошулат. 3.10.2. Диссертациянын текстинде бардык тиркемелерге колдонулган орундарына жараша шилтеме берилип, алар тексте жайгашуу катарына жараша ырааттуу номерленет. 22 3.10.3. Ар бир тиркеме “Тиркеме” деген сөз менен беттин оң тарабынын өйдө жагына номери араб цифрасы менен белгиленип “1-Тиркеме” жайгаштырылат. 3.10.4. Ар бир тиркеменин темасы, текстке карата симметриялуу түрдө өзүнчө саптан жазылат. 4. Диссертациялык ишти аткарууну уюштуруу этаптары 4.1. Диссертациялык иштин аткарылуусу төмөнкү этаптардан турат: - Изилдөө багытын тандоо жана тапшырмаларды түзүү; - Тандалган багытта адабияттарды анализдөө; - Теориялык жана практика жүзүндөгү изилдөөлөр; - Изилдөөнүн жыйынтыгын баалоо, анализдөө жана диссертациялык ишти жазуу, жасалгалоо, “Антиплагиат” программасынан текшерүү (оригиналдуулугу 70пайыдан кем эмес); - Коргоого даярдоо: диссертацияны алдын ала коргоо, расмий калыска тапшыруу; - Диссертацияны коргоо. 4.2. МАГИСТРАНТ магистр даражасын коргоо боюнча тандап алган илимий теманы аткаруу үчүн дайыма (айына бир жолудан кем эмес) жетекчиси менен жолугуп берилген тапшырма боюнча аткарган иштери тууралуу системалуу илимий жетекчисине жана кафедранын жыйынында маалымат берүү, жаңы тапшырмаларды алуу менен тынымсыз иш жүргүзүүсү зарыл 5. МАКта диссертацияны коргоонун тартиби 5.1. Магистрдик диссертацияны жазууга жана даярдоого мамлекеттик билим берүү стандартында магистратуранын тиешелүү багытына ылайык, жуманын саны дайындалат. Ошого ылайык түзүлгөн окуу жана жумушчу пландарында бекитилген убакытта магистрант иштин деңгээлин, сапатын жана аткарылышын көзөмөлдөгөн илимий жетекчиси менен биргеликте жана өз алдынча илимий ишин аткарат. 5.2. Магистрдик диссертациянын аткарылышы алдын ала бекитилген календардык планга ылайык жүргүзүлөт. 23 5.3. Изилдөөнүн натыйжасында жазылып бүткөн магистрдик диссертацияга магистранттын колу коюлуп, “Антиплагиат” текшерүүдөн өткөн маалыматы менен биргеликте, коргоодон бир ай мурда илимий жетекчиге берилет. Магистрдик диссертацияны жетекчи окуп, жактыргандан кийин кол коюп, жазма түрүндө өз пикири, баасы менен бүтүрүүчү кафедрага 3 жума алдын сунушталат. 5.4. Илимий жетекчинин пикиринде диссертациянын бардык бөлүмдөрү боюнча жетишкендиктерин, алынган натыйжалардын, жыйынтыктардын жана сунуштардын негизделиши, тууралыгын жана жаңылыгын, илимий- практикалык маанилүүлүгүн, магистранттын жеке салымын эске алуу менен баалайт. Диссертациялык изилдөөнүн жыйынтыктарын пайдалануу жөнүндө сунуштары белгиленет. Корутундусунда магистрдик диссертацияны коргоого киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап, диссертациянын жободо белгиленген критерийлерге ылайык келе турганын белгилеп, магистрантка баа берет. 5.5. Бүтүрүүгө жооптуу кафедралар “Антиплагиат” текшерүүдөн өткөн магистрдик диссертацияларды магистранттардын доклад жасоосуна шарт түзүү менен алдын-ала коргоону уюштурат жана өткөрөт. 5.6. Бүтүрүүчү кафедранын отурумунда, магистратуранын башчысынын, илимий жетекчисинин жана факультеттин окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн сунушталган диссертацияны алдын-ала коргоонун жыйынтыгынын негизинде магистранттын диссертациясын коргоого уруксат берүү жагы чечилет. Кафедра башчысы ал жөнүндө магистрдик диссертациянын титулдук баракчасына белги коёт. 5.7. Магистрдик диссертацияны коргоого сунушталбагандыгынын негизин төмөнкүлөр түзөт: - темасы боюнча илимий жана илимий усулдук изилдөөлөрдүн жок болушу; 24 - жетекчисине магистрдик диссертациясынын материалдарын пикир алуу үчүн өз убагында тапшырбаса; - аткарылган жумуш илимий жетекчинин тапшырмаларына дал келбесе; - “Антиплагиат” программасынан текшерүүдөн өткөрүлбөсө жана оригиналдуулугу 70пайыздан төмөн болсо. 5.8. Кафедра, деканатка жана магистратура бөлүмүнө магистранттардын магистрдик диссертациясын коргоого уруксат берүү жөнүндө билдирүү берип, анын негизинде университеттин буйругу чыгарылат. 5.9. Үч жума мурда бүтүрүүчү кафедраларда жогору квалификациялуу адистерден “Антиплагиат” программасынан текшерүүдөн өткөрүлгөн магистрдик диссертацияларга расмий калыс дайындалат. Расмий калыс магистранттын магистрдик ишин даярдоосунда катышпаган болуусу шарт. 5.10. Расмий калыс магистрдик диссертациянын актуалдуулугун, илимий деңгээлин, аткарылышынын сапатын анализдеп, ага түз, туура баасын бериши зарыл. Пикирде изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан алынган эң орчундуу илимий жыйынтыктары, жаңылыгы, алардын теория жана практика үчүн мааниси, магистранттын диссертациялык изилдөөсүнүн тыянагынын илимий тактыгы, жана негиздемелерине жана иштин кемчиликтерине анализ берилет. Расмий калыстын колу мөөр менен тастыкталат. 5.11. Магистрдик диссертацияга берилген рецезенттин терс пикири менен да коргоого кирүүгө мүмкүн. Мындай диссертацияны коргоого расмий калыстын катышуусунда гана уруксат берилет. 5.12. Коргоодон бир жума мурун кафедрага бүтүрүүчү кафедранын чечими менен бекитилген, “Антиплагиат” программасынан текшерүүдөн өткөрүлгөн, жетекчинин пикири (отзыв), расмий калыстын сын-пикири (рецензия) жана толук бүткөн магистрдик диссертация тапшырылат. 5.13. Магистрдик диссертацияны коргоо окуу процессинин графигине ылайык уюштурулат. Магистранттарды коргоо 25 күндөрүнө бөлүштүрүү бир жума мурун белгиленүүсү зарыл. МАКтын иштөө күндөрүнө карап, магистранттар тайпаларга, жетекчисинин мүмкүнчүлүгүнө жана каалоосуна жараша бөлүнөт. 5.14. Диссертацияны коргоого бир магистрантка 30 мүнөткө чейинки убакыт берилет. МАКтын 6 сааттык иш күнүн эске алып бир күнгө 12 адамдан ашык киргизүүгө мүмкүн эмес. 5.15. Магистратурада окуунун IV семестринин башталышында тиешелүү багыттарда магистранттарды мамлекеттик аттестациядан өткөрүү жана магистрдик диссертацияны коргоону уюштуруу үчүн ОшМУнун ректорунун буйругу менен мамлекеттик аттестациялык комиссиянын курамы бекитилет. Тиешелүү багыттарда МАКтын төрагасынын (төрайымынын) кандидатурасы КРдын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. 5.16. МАКтын негизги милдети диссертациянын мазмунун экспертизалоо жана диссертанттын магистрдик ишинин негизги жоболорун коргой билүүсүн, теориялык билимин, аны практикада пайдалана билүү жөндөмдүлүктөрүн, магистранттардын илимий билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн (компетенцияларын) менен тактоо, туура кесипкөйлүүлүк менен объективдүү баалоо. 5.17. Магистрдик диссертация МАКтын 3/2 ден кем эмес курамынын катышуусунда ачык отурумда корголот. 5.18. Магистрдик диссертациянын ачык, эл алдында корголушу, илимий дискуссия мүнөзүндө жана жогорку талап коюучулуктун, прициптүүлүктүн жана илимий этиканы сактоонун шартында өтүшү керек, ошол эле учурда диссертацияда берилген бардык жыйынтыктардын, илимий жана практикалык мүнөздөгү сунуштардын чындыгы жана негиздүүлүгү кенен талкууланышы шарт. Бардык каалоочулар коргоого, талкууга катыша алат. Жалпылап айтканда, төмөндөгү бөлүмдөгү көрсөтүлгөн талаптар аткарылганда магитранттын иши коргоого койгонго мүмкүнчүлүк түзүлөт. 26 6. Коргоодо уюштурулуучу процедуралары 6.1. МАКтын төрөгасы диссертациянын илимий жетекчисин жана рецензентти атап, темасын окуп, сөздү магистрантка берет. 6.2. Магистрантка ишинин кыскача негизги мазмунуна токтолууга 10 мүнөт берилет. Ошондуктан баяндама кыска, иштин негизги жыйынтыктары катары менен билдирилип, диссертацияны даярдоодогу негизги изилдөө усулдарын, алынган натыйжа иллюстративдик материалдардын жардамы менен коштолуусу шарт. 6.3. Магистранттын баяндамасы бүткөн соң МАКтын төрагасынын көзөмөлү жана түз уруксаты менен МАКтын мүчөлөрүнүн жана башка катышуучулардын магистрдик иш боюнча суроолоруна жооп берилет. 6.4. Андан соң илимий жетекчисине магистрдик диссертация туралуу өз пикирин айтууга сөз берилет. Эгер белгилүү себептер менен жетекчи коргоого келбей калса, анда анын пикирин МАКтын башчысы же анын көрсөтмөсү менен башка бир мүчөсү окуй алат. 6.5. Сөз расмий калыска берилет (же ал келбей калса МАКтын башчысы же анын көрсөтмөсү менен МАКтын бир мүчөсү пикирдин текстин окуй алат). 6.6. МАКтын башчысы магистрантка расмий калыс белгилеген эскертүүлөрүнө жооп берүүгө уруксат берет. 6.7. Бардык каалоочулар талкууланып жаткан диссертациялык иш боюнча өз ойлорун, пикирлерин айта алышат. 6.8. Ар бир магистрантка МАКтын отурумунун өзүнчө протоколу түзүлүп, белгиленген тартипте катчы толтурат. 6.9. Тиешелүү күнгө пландаштырылган магистрдик иштер угулуп бүткөн соң МАКтын мүчөлөрү коргоону талкуулашып, ар бир ишти объективдүү баалашат. Коргоодогу жыйынтыктын чечимин МАКтын мүчөлөрү жабык отурумда көп добуш берилишине карап кабыл алышат. 6.10. Магистрдик диссертацияны коргоону баалоодо төмөнкү критерийлерге таянат: 27 - теманын актуалдуулугу жана илимий жаңылыгы; - магистрдик диссертацияда коюлган максатка канчалык жете алды, негизги милдеттеринин аткарылышы; - изилдөө усулдарынын деңгээлдери жана тандаган темага шайкештиги; - иштин теориялык жана практикалык мааниси; - алынган жыйынтыктардын негиздемеси, эксперименталдык иштерди жүргүзүү жана статистикалык усулдарды колдонуу; - иштин түзүлүшү, материалды баяндоодогу логикалуулук; - илимийлүүлүгү жана мазмундун толук чагылдырылышы, - адабий булактарды колдонуу, айрыкча акыркы беш жылдагы жетишкендиктерге анализ, башка авторлордун иштерине шилтемелери, цитаталардын дааналыгы; - изилдөөнүн жыйынтыгын жалпылаштыруунун негиздүүлүгү, иштин тыянагынын жалпы мазмунуна болгон шайкештиги; - магистрдик диссертациянын оригиналдуулугу (“антиплагиаттык” программанынын текшерүү жыйынтыгы), жазылуу, жасалгалоо сапаты (стили, тили, сабаттуулугу, тазалыгы, тактыгы); - докладдын сапаты (проблеманы негиздөө, алынган жыйынтыкты билдирүүнүн тактыгы. Корутундунун мазмунга шайкештиги, алынган жыйынтыктын жана коюлган проблемага дал келүү деңгээли, илимий дискуссияларга катыша билүүсү, эл алдына чыгып сүйлөөдөгү илимий тили, маданияты); - Баяндаманы коштоочу иллюстративдик материалдын сапаты; - диссертациянын келечектеги кесипкөй ишмердүүлүк чөйрөсүнө дал келүүсү (практикага сунушталуу жана киргизилүү акт ж.б.) 6.10.1. Магистрдик диссертацияны баалоодо мамлекеттик аттестация комиссиясынын мүчөлөрү: - магистранттын ишти аткаруудагы, уюштуруудагы өз алдынчалуулугунун деңгээлин: катышкан конференция, семинарлардын тезистеринин, иштин натыйжасы боюнча жарык көргөн автордун макалаларынын санын жана рецензенттин, илимий жетекчисинин пикирлерин эске алуусу керек. 28 6.11. Магистрдик диссертацияны коргоодогу жыйынтык “эң жакшы”, “жакшы”, “канааттандырарлык” жана “канааттандырарлык эмес” деп аныкталат. Баалар МАКтын кенешмесинин протоколуна МАКтын бардык катышкан мүчөлөрүнүн катышуусу жана макулдашуусу менен киргизилип, кол тамгалары менен бекитилет. 6.12. Магистрдик диссертацияны коргоонун жыйынтыгы тапшырган күнү эле МАКтын отурумунун протоколунун негизинде жарыяланат. 6.13. МАКтын мүчөлөрү магистрдик диссертациянын материалдарын басылмага берүүнү, материалдарды, жыйынтыктарды практикалык колдонууга сунуштоого жана магистрантты тиешелүү багытында аспирантурага (PhD докторантурага) тапшырууга мүмкүнчүлүк берүүгө да укуктуу. 6.14. Корголгон магистрдик диссертациялар аткарылган кафедрада же дал келген усулдук кабинетте 5 жылдан кем эмес сакталат. Ал магистрдик иштер кийинки бүтүрүүчүлөргө колдонууга таанышууга, анализдөөгө берилет. 6.15. Ийгиликтүү корголгон диссертация жана жалпы кесиптик дисциплиналар боюнча түзүлгөн мамлекеттик аттестациядан алган оң натыйжадан мамлекеттик атестациялык комиссия чечим чыгарып бүтүрүүчүгө тиешелүү багытта магистр квалификациясы (академиялык даражасы) ыйгарылып мамлекеттик үлгүдөгү магистрдик диплом (тиркемеси менен) берилет. 6.16. Эгерде магистрант магистрдик диссертациясын коргоодо “канааттандырарлык эмес” деген баа алса, анда ага 5 жыл аралыгында кайра коргоого уруксат берилет, бирок бир жылдан эрте эмес мөөнөттө жана бир гана жолу. Магистранттын иштелип, толукталган диссертациясын кайра коргоого мүмкүнчүлүгүн же жаңы темада диссертация даярдашын кафедра аныктайт. Эскертүү: (ОшМунун 29-бюллетениндеги жобо эске алынды). 29 МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫ АТКАРУУДА СТРУКТУРАСЫН БЕРҮҮНҮН ҮЛГҮЛӨРҮ 1- тиркеме Магистрдик диссертацияга жетекчинин пикири Магистрдик диссертациянын жетекчиси филология илимдеринин кандидаты, доцент Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевнанын сунуштамасы Эркин кызы Айтургандын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду” деген аталыштагы темадагы магистрдик диссертациясы туралуу 1. Магистрдик диссертациянын темасынын актуалдуулугу. Аталган эмгек Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилиндеги түгөйлүү сөздөр тилдик каражат катарында даярдалган. Иштин актуалдуулугу Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн керектелген жагы, аны уюштуруучу тилдик каражаттардын өзүнчө изилденбегендиги. Көркөм чыгарманын стили өзүнүн тилдик табиятынан башка стилдеги тексттерден айырмаланат. Мына ушул өзгөчөлүк көркөм чыгармадагы реалдуулукту пайда кылат. Андыктан көркөм чыгармадагы тилдик каражат катарында сын атоочтон түзүлгөн түгөйлүү сөздөрдүн маанисин, табияттын чыгармадагы касиетин, маанисин изилдөө зарылдыгы – азыркы күндүн негизги талабы. Демек, сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдү жазуучу ар тараптан чыгармасында колдонуу мүмкүнчүлүгүн чыгарманын тили аркылуу иликтөө магистрдик иштин актуалдуулугунун негизин түзөт. 2. Изилдөө планын сапатынын оргиналдуулугу иш эми колго алынууда, кыргыз тил илиминде коргоого алынбаган тема. 3. Ишти алып барууда магистранттын өз алдынча аткарган иштеринин бири, эмгектер менен тааныштыгы бар, 2 жыл ичинде 30 мисалдары, жыйналган материалдары өз алдынча аткарылгандыгын байкоого болот. 4.Тема магистр тарабынан иликтенип, ачылышы жазуучунун чыгармасында сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн (варианттуу сөздөр) орду боюнча мисалдары, теориялык жактан көрсөткөн иштери терең иштелип сапаттуу берилген. 5. Изилдөө жүргүзүүдө магистр илимий ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган, ар кандай берилген тапшырманы аткарууда чыгармачылыгы, темага кызыгуусу арбын, ишинде да өз алдынчалуулугу ЖОЖ менен ишти байланыштырып, теманы практикасында окуучулары менен бирге иштеп илимий макалаларын жарыялап, сабактарында Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилиндеги сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн ордун анализдегени, жазгандыгы, изденүүчүлүгү байкалды. 6. Магистрант Эркин кызы Айтургандын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду” аттуу филологиялык багытындагы магистр академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациясын коргоого сунуштайм. КР ББжИ министрлиги бекиткен стандарттын жана ушул жобонун талабына жооп берет андыктан Эркин кызы Айтургандын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду” аттуу филолологиялык багытындагы магистр академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациясын коргоого кийирүүгө сунуштайм. Илимий жетекчи:_____________доцент К.Ж.Нармырзаева “_____”______________2022-ж. 31 2- ТИРКЕМЕ Магистрдик диссертацияга расмий оппоненттин пикири Магистрант Эркин кызы Айтургандын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду” аттуу филологиялык багытындагы магистр академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациясына расмий калыс кыргыз тил илими кафедрасынын ф.и.к., доцент Кожоева Гүлжамалдын пикири Магистрант Эркин кызы Айтургандын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду”деген тема расмий түрдө бекитилип иштеп жаткандыгын, изилденген теманын актуалдуулугу, илимий, мамлекеттик программалар менен байланыштуулугу бар экендигин айтууга болот. Себеби ЖОЖдордо, магистратура бөлүмдөрүндө “Айтматов таануу” сабагынын киргизилиши, мектеп программаларында окулушу өндүрүш жана программалар менен байланыштуулугу бар экендигин белгилөө 1. Магистрдик иш эки баптан туруп, көлөмү, аткарылышы, түзүлүшү иштин талабына ылайык аткарылып жазылган. Изилдөөгө алынган тема актуалдуу. Иште жазуучунун чыгармаларында варианттуу сөздөрдүн колдонуу жагына түркологияда, кыргыз тил илиминде маалымат аз берилет.Аталган тема боюнча Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилинде сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн колдонулушу талданып теориялык жана практикалык жагы мисалдар, фактылар менен иликтенип анализденип берилет. Кыргыз тил илиминде бул изилдөө боюнча адабияттардын, илимий эмгектердин жетишсиздигин белгилөө керек. Талкууланып жаткан магистрдик диссертация конкреттүү бир багытка кыргыз тил илиминде сын атоочтук варианттуу сөздөрдүн жазуучунун тилинде колдонулушуна ар тараптуу талдоо жүргүзгөн. Иш көркөм чыгарманын тилине багытталган илимий иш. 32 Киришүүдө алынган теманын актуалдуулугу, максаты жана милдеттери, обьектиси, коргоого коюлуучу жоболор, жаңылыгы ж.б. магистрдик диссертациянын талаптарына жооп берет, иштин түзүлүшү ар бир жобого чечмеленип көрсөтүлгөн. 2. Магистрдик ишти изилдөөнүн жаңылыгы Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилинде сын атоочтук варианттуу сөздөрдүн колдонулушу биринчи изилдөөгө алынууда. Кыргыз тил илиминдеги сын атоочтук түгөйлүү сөздөргө кеңири аныктамалар, түшүнүктөр берилип, алар тилдик фактылар менен далилденди. Булар боюнча алынган илимий пикирлер жана тыянактар изилдөөнүн жаңылыгы болуп саналат, варианттуу сөздөрдүн чыгармада автордун колдонулушу боюнча маалыматтары аныкталат. Иште сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдү сыпаттого колдонулушу, анализдөөсү магистрдик иште алынган илимий жыйынтыктардын жаңылыгы жазуучунун чыгармаларын тилинде сын атоочтон түзүлгөн варианттуу сөздөр боюнча мисалдардын алынып талданышы, магистрдик диссертациянын талаптарына ылайык далилденип, талдангандыгы 3. Магистрант сунуштаган иштеги кортундуланган ар бир илимий натыйжанын тыянактары жобого ылайык ишенимдүү негизделип, иште окумуштуулар Б.Юнусалиев,А.Жапаров, С.Давлетов, Ш.Жапаров, К.Сейдакматов, В.Мусаева, изилдөөчү эмгегинде далилденген маселелер илимий шилтеме берүү менен белгиленет.Аталган илимпоздордун эмгектерин диссертацияда негизге алып таяныч материал катары пайдалангандыгын байкоого болот. Ар бир бапта, бөлүмдө жыйынтык чыгарылганын, анын тыянагы берилет. Бул иштин ийгилиги, магистрдин табылгасы, түшүнүгүн далилдейт. Жазуучу чыгармачылыгын тилдик каражаттарды орундуу пайдалангандыгын белгилейт,түгөйлүү сөздөрдү мисалдар менен берип ынанымдуу,ишенимдүү кортундулайт. 4. Магистрдик диссертациянын мазмунунда план-проспекти талапка, жобого ылайык иштелген, иш жыйынтыкталган аягына чыккан бүткөн иш деп эсептейм. 33 5. Магистранттын иши тиешелүү талаптарга жооп берет.Ишти өндүрүштө окуу процессинде колдонууга болот. Теориялык да, практикалык да мааниге ээ. Кортундуда иш жыйынтыкталып, иш талапка ылайыктуу аткарылган ошону менен бирге бир катар айрым бир пунктуациялык, техникалык каталарга жол коюлган. Бул айтылган кемчиликтер ишке кедергисин тийгизбейт деп эсептейм. Жыйынтыктап айтканда, магистрант Эркин кызы Айтургандын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду”аттуу филологиялык багытындагы магистр академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылган магистрдик дисертациясы толук талапка жооп берет, жыйынтыкталып бүткөн иш. Коргоого сунуштайм, ишти МАКтын төрайымына жана анын мүчөлөрүнө Эркин кызы Айтургандын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду”деген магистрдик диссертациясын “Эң жакшы” деп баалоону сунуштайм. Расмий калыс, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын ф.и.к., доценти _____ Г.Кожоева “_____”______________2022-жыл 34 3-ТИРКЕМЕ Магистрдик диссертациянын сырты КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ Кыргыз тили илими кафедрасы Кол жазма укугунда УДК 81, 38 ТЕМА: Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ СЫН АТООЧТУК ТҮГӨЙЛҮҮ СӨЗДӨРДҮН ОРДУ Магистрант: Эркин кызы Айтурган, ФКЛ(м)-1-20 Илимий жетекчи: ф.и.к.,доцент К.Ж.Нармырзаева Расмий калыс: ф.и.к., доцент Г.Кожоева Диссертация 2022-жылдын 18-майында алдын ала корголду Коргоого уруксат берилди, протокол № 9 Ош-2024 35 4-ТИРКЕМЕ Магистрдик диссертациянын сырты ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗ ТИЛИ ИЛИМИ КАФЕДРАСЫ МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯ ТЕМА: Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ СЫН АТООЧТУК ТҮГӨЙЛҮҮ СӨЗДӨРДҮН ОРДУ Багыты: “Филология” 531000 Филология багытынын магистри академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылды Магистрант:_______________Эркин кызы Айтурган ФКЛ(м)-1-20тайпасы Илимий жетекчи: _____________ ф.и.к., доцент Нармырзаева К.Ж. Кафедра башчысы:_____________ф.и.д., профессор Элчиев Ж. Ош - 2022 36 5-ТИРКЕМЕ Кафедранын талкуусунда берилүүчү токтомдун көчүрмөсү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 20212022-окуу жылынын магистранты Эркин кызы Айтурган “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду” деген темадагы магистрдик иши 1. Факультеттин Окумуштуулар кеңешинде тема жактырылган жана бекитилген Декан:________________ Н.Турганбаев 2022-жылдын “___” ___________ 2. Илимий жетекчи: __________________Нармырзаева К.Ж. 3. Расмий оппонент: ___________________Кожоева Г. 4.Кафедранын 2022-жылдын өткөрүлгөн жыйынынын чечими менен иш коргоого сунуш кылынды. Кафедра башчысы:________________Элчиев Ж. _________________________________________ 1. Иш МАКтын жыйынында 2022-жылдын ____ ________ корголду. Протокол № 2. Баасы ____ 3. Катчы _______________ 1. Магистрдик иш архивге 2022-жылдын өткөрүлдү 2. Катчы:_________ 2. Магистрлик ишти кабыл алдым. Кабинеттин башчысы: _______________________ Ош-2022 37 ___ _________ 6- ТИРКЕМЕ Магистрдик иштин план-проспектиси МАЗМУНУ КИРИШҮҮ..............................................................................4-10 1-БАП.ТИЛ ИЛИМИНДЕ МОРФОЛОГИЯЛЫК ТИЛДИК КАРАЖАТТАРДЫН ИЗИЛДЕНИШИ 1.1.Морфологиялык каражаттардын проблемалары, изилдениши......................................................................11-16 1.2. Кыргыз тил илиминде варианттуу (түгөйлүү) сөздөрдүн иликтениши......................................................................17-28 1.3.Сын атоочтук тилдик каражаттардын көркөм чыгармадагы орду..................................................................................29-51 2-БАП.Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТИЛИНДЕ СЫН АТООЧТУК ТҮГӨЙЛҮҮ СӨЗДӨРДҮН КЕРЕКТЕЛИШИ 2.1.Чынгыз Айматов дүйнөлүк мейкиндикте көркөм сөз өнөрүнүн корфейи............................................................52-56 2.2.Түгөйлүү сөздөрдүн кыргыз тил илиминдеги орду..................................................................................56-61 2.3. Сүрөткердин чыгармаларынын тилинде сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн колдонулушу...........61-68 КОРУТУНДУ ..........................................................................69-71 ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР .............................................72-73 ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР....................................74-80 38 7-ТИРКЕМЕ Магистрдик иштин стуруктурасы КИРИШҮҮ Белгилүү илимпоз В.Н.Ярцеванын: “Кептешүү, пикирлешүү шарт-кырдаалы оптималдуу вариантты тандап колдонууга мажбурлайт” ,-деген. Ч.Айтматов: “Кыргыз элинин улуу эпикалык традициясы баа жеткис руханий байлыкка жатат.Өзүнүн өсүш жолунда узак,татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен.Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң –сезимин, ар намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган”-деп айтып келет да, “Биздин улуу Сөздөн куралган, Ойго терең көркөмдүк жана дүйнө таанымдын күчү, келберсинген даркандыгы эс талгыдай эле баео бабаларыбыздын мурасы Египет прамидалары сыяктуу муундан муунга калуучу байыркы, урагыс жана табышмактуу маданий эстелик экендигин белгилейт” [1,9-б.] Кептин түшүнүктүүлүгү, ийкемдүүлүгү, маңыздуулугу жеткиликтүүлүгү жана таасирдүүлүгү лексикалык каражаттарды туура тандоо менен гана камсыз болбойт. Андай касиеттер жогорку деңгээлдеги тилдик бирдик катарында сүйлөмгө да көз каранды. Сүйлөмдүн ыктуу жана максатка ылайыктуу кураштырылышы, тилдик ар түрдүү шарттарга байланыштуу. Аларга кептин максаты, кептик жагдай (ситуация) жана кептин стилдик өзгөчөлүктөрү кирет. Дал ошондой шарттарга байланыштуу ар кандай структурадагы жана түрдүү семантикадагы сүйлөмдөр иргелип алынат. Андай муктаждык синоним, синонимия, варианттуулук маселеси аркылуу чечилет. Ал эми морфологиялык тил каражаттары жөнүндө: «Көркөм чыгарманын тилинин курулуш материалы болуп тилдин морфологиясында сөз, сөз составы, уңгу, мүчөлөр, сөз түркүмдөрү, алардын түрлөрү, сырдык сөздөр, тууранды сөздөр кызмат кылат. 39 Ал эми сөздүн ушул башкы белгисинин адам тарабынан кабыл алынышы же түшүнүлүшү адамдын жеке интеллектине жараша болот», - деп белгилеген Т.Аширбаев (7,18-б.). Ошондуктан сөздүн кептеги маанисин түшүнө билүү жана ал маанинин угуучу же окурман тарабынан чыгарманын стилине, темасына жана идеясына ылайык кабыл алынышы коммуникацияда чоң мааниге ээ. Айрыкча кептеги сөз түркүмдөрү, эмоционалдуу-экспрессивдүү сөздөр, алардын мааниси, орду, табияты жана кептеги касиет белгилери тексттин жалпы тулку боюнда морфологиялык стилистикалык аспектиде изилдөөгө муктаж. Кептин боектуулугун, эстетикалуулугун, эмоция-экспрессивдик таасирин диссертациялык ишибизде Ч.Айтматовдун кыргызча жазылган чыгармаларынын мисалында изилдөөгө аракет кылдык.Анткени Ч.Айтматов - адабий процесске зор таасири бар жазуучу. Жалпы эле көркөм чыгарманын тилине, ошондой эле жеке жазуучунун чыгармаларындагы тилдин эстетикалык функциясына, көркөм сүрөттөө каражаттарына арналган илимий эмгектер жана илимий изилдөөлөр көбөйүүдө (Мамытов Ж. 1990, 2002, Жалилов А. 1988, Аширбаев Т 1990, 2000, Бакашова Ж. 1992, 1998, Усубалиев Б. 1994, Өмүралиева С. 1999, Турдукожоев Т. 2000, Нармырзаева К.2010 ). С. Өмүралиеванын: «Ч.Айтматовдун көркөм чыгармаларына лингвистикалык илик» деген эмгегинде Айтматовдун чыгармаларына тексттик деёгээлде лингвистикалык талдоо жүргүзүлгөн. «Сүрөткер адамды адабияттагы башкы предмет катары карап, аны изилдөөнүн, чагылдыруунун маанилүү проблемаларына (теоретик, публицист катары да) дайыма кайрылып келет». Анын көз карашы боюнча «ар бир личностто өзү ойлобогон күндө да, бүткүл адамзаттын проблемалары изин калтырат. Ошондуктан адабият личностту коомдук турмуш менен айкалышта, бардык социалдык жана экономикалык шарттардын комплексинде кароого тийиш», - деп баса белгилейт. Кыргыз филологиясында көркөм чыгарманын тилин лингвистикалык аспектиде изилдөө багытындагы илимий-теориялык жана 40 методологиялык эмгектер саналуу гана. Изилдөөчүлөрдүн тексттик лингвистиканын алкагындагы изилдөөлөрүндө көркөм тексттердин тилине тиешелүү маселелер, тексттердин стуруктуралыксемантикалык, прагматикалык, интеграциялык түзүлүшүнүн маселелери менен байланышта каралып өткөндүгү бизге маалым. Бирок «Кыргыз филологиясында көркөм адабияттын тилинин спецификасы, адабияттын тилдик уюшулушунун лингвистикалык жана поэтикалык негиздери, аны иликтеп-талдоонун системасы, ык-амалдары, теориялык-методологиялык базасы боюнча жетиштүү мүнөздөгү илимий жоболор сунушталып, теориялык негиз түзүлө элек», - деп изилдөөчү К.Нармырзаева илимий эмгектеринде белгилейт. Варианттуулук тил илиминде өзүнчө системаны түзөт. Магистрдик иштин актуалдуулугу Кыргыз тил илиминде буга түгөйлүү сөздөр түзүлүш өзгөчөлүктөрү, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган мисалдар семантика-структуралык, лингвостилистикалык, коммуникативдик багыттары буга чейин изилденбегендиги магистрдик иштин актуалдуулугун айгинелейт. Теманын актуалдуулугу буга чейин кыргыз тил илиминде варианттуу сөздөр иликтенбеген, жазуучунун чыгармалары тилдик уюшулушу, колдонулган тилдик каражаттар жана ыкмалар иликтөөгө алынбаганы менен байланыштуу. Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде түгөйлүү сөздөрдүн изилденбегендиги, көркөмдүк өзгөчөлүгү жана түшүнүгү жөнүндөгү илимийтеориялык маселелер тил илиминин алкагында жаңыдан проблема катары колго алына баштагандыгын, бул багыттагы адабияттардын жетишсиздигин жана илимий изилдөөлөрдүн аздыгын эске алуу менен теманын актуалдуулугун айгинелейт деп эсептөөгө болот. Магистрдик ишти изилдөөнүн актуалдуулугу кыргыз тилинин морфологиялык каражаттардын тармагында жаңыдан изилдөөгө алына баштаган жазуучунун чыгармасынын тилине тыгыз байланыштуу, варианттуу сөздөргө токтолуп, алардын 41 чыгарманын тилиндеги маанисинин жазуучунун чыгармасынын тилиндеги мааниси берилет. Көркөм чыгарманын тили образдуулукка, таасирдүүлүккө, экспрессивдүү-эстетикалык касиеттерге ээ,тилдик түрдүү каражаттары, варианттар аркылуу автордун баяндоосунда да, каармандын тилинде керектелет Ишти изилдөөнүн максаты Ч.Айтматовдун талдоого алынып жаткан чыгармаларындагы морфологиялык тилдик каражаттардын көркөмдүк, боёктуулук жагын тилдик аспектиде аныктоо жана анын кептеги эстетикалык жагын ачып көрсөтүү. Изилдөөнүн бул максатын жүзөөгө ашырууда төмөндөгүдөй милдеттер коюлат: Морфологиялык ванианттуу сөздөр көркөм чыгармадагы ролун, кызматын көрсөтүү; - Ч.Айтматовдун чыгармаларында түгөйлүү сөздөрдүн табиятына ылайык талдоо жүргүзүү; - Сын атоочтук варианттуу сөздөр жазуучунун чыгармаларында колдонулушунун берүү менен, андан теориялык тыянактарды чыгаруу; - Сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн көркөмдүк табиятын иликтөө аркылуу сүрөткердин чыгармаларынын тилдик бөтөнчүлүгүн ачып берүү. Магистрдик иштин милдеттери – Жазуучунун чыгармаларынан морфологиялык каражаттардын варианттуулугун, эмоционалдуулугун боёктуулугун, ордун, колдонулуш чөйрөсүн аныктоо, талдоо. Изилдөөнүн методологиялык негиздери жана методдору Магистрдик иштин теориялык жана методологиялык негиздерин көркөм чыгарманын тилине жана стилистикага тиешелүү дээрлик жалпы тил илиминдеги, түркологиядагы жана кыргыз тил илиминдеги негизги жоболор, теориялык көз караштар түздү. Албетте, магистрдик иштеги илимий жоболор, тыянактар, аныктамалар, морфолгиялык синонимдер Ч.Айтматовдун 42 чыгармасынын мисалында гана мүнөздөлдү. Иликтөө ишин жүргүзүүдө салттуу лингвистикалык баяндама, сыпаттама, салыштырма, сөз-образ жана статистикалык методдор колдонулду. Магистрдик ишти изилдөөнүн обьектиси жана предмети. Изилдөө ишибиздин предметин Ч.Айтматовдун чыгармалары “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет” “Тоолор кулаганда”,”Кыямат” “Кылым карытар бир күн”, “Кассандра тамгасы”, “Гүлсарат” жана башка чыгармалары түзүп, обьектиси ушул чыгармалардын тилинде морфологиялык каражаттардын вариаттуулугу жыйынтыктары, сын атоочтук түгөйлүү сөздөр боюнча талданышы болуп эсептелет. Магистрдик ишти изилдөөнүн жаңылыгы Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилинде түгөйлүү сөздөр биринчи алгач изилдөөгө алынууда. Кыргыз тил илиминдеги морфологиялык каражаттардын варианттуулугу аныктамалар, түшүнүктөр берилип, алар тилдик фактылар менен далилденди. Булар боюнча алынган илимий пикирлер жана тыянактар изилдөөнүн жаңылыгы болуп саналат. Сын атоочтук түгөйлүү сөздөр боюнча мисалдар чыгармада автордун колдонулушу боюнча маалыматтар аныкталат. Коргоого сунуш кылынган жоболор: 1. Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде сын атоочтук варианттуу сөздөрдүн орду, изилдениши каралды 2. Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде сын ат атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн керектелишине басым жасалды 3. Жазуучунун чыгармасынын тилинде морфологиялык каражаттардын түрлөрү эмоционалдуу-экспрессивдүү боёктуулукту сөздөр түрдүү стилдик маанилерде колдонулуусу белгиленди Изилдөө ишинин практикалык мааниси Аталган изилдөөнүн илимий баалуулугу, морфологиялык каражаттардын варианттуулугу тилдик табият-маңызын ачып берүүдө, көркөм кеп стилинин өзгөчөлүгүн ал адабий тилдин 43 бардык фунукционалдык стилдерин өз ичине камтый турган, жалпы улуттук тилдин адабий жана адабий эмес формаларынын бардык тилдик каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар кептик өзгөчө стиль экендигин жеткиликтүү илимий деңгээлде далилдей алгандыгында конкреттүү мисалдарга ар тараптуу талдоо жүргүзүү аркылуу морфологиялык каражаттардын вариаттуулук кызматын аныктап бергендигинде, магистрдик диссертация келечекте мындай багыттагы изилдөөлөрдү интеграциялоочу материал болот деген ишенимдебиз. Магистрдик ишти изилдөөнүн материалдарын жана жыйынтыктарын окуу процессинде пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Атап айтканда, ишти жогорку окуу жайынын студенттери үчүн квалификациялык иш, курстук иш жаздырууда ж.б. филологиялык дисциплиналарды өтүүдө теориялык негиз болуп бере алат. Изилдөөчүнүн жекече салымы - Магистрдик ишти изилдөөдө Ч.Айтматовдун чыгармаларынын сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн колдонушуна илимий жактан баа берүү талдоо магистранттын салымы болуп эсептелет. Иштин апробацияланышы. Докладдар даярдалды. Эки илимий макала жарыяланды. Мектеп окуучуларынын кыргыз тили жана адабият сабактарында Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча алынган тексттер, фильмдери колдонуу аркылуу сын атоочтук түгөйлүү сөздөр белгиленип, сабактар натыйжалуу өтүлдү. Магистрдик иштин стуруктурасы. Иш киришүүдөн, эки баптан, корутундудан жана пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат. Киришүүдө ишти изилдөөнүн мүнөздөмөсү, теманын актуалдуулугу жана проблемалуулугу, иштин изилдениш даражасы, изилдөөнүн обьектиси, максаты жана милдеттери, методдору, иштин теориялык жана практикалык мааниси, жаңылыгы, теориялык-методологиялык негизи жөнүндө маалыматтар берилди. 44 8-ТИРКЕМЕ АВТОРЕФЕРАТТЫ БЕРҮҮНҮН ҮЛГҮЛӨРҮ Авторефераттын сырты, ички бөлүгү толугу менен берилди КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ Кол жазма укугунда УДК Эркин кызы Айтурган Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ СЫН АТООЧТУК ТҮГӨЙЛҮҮ СӨЗДӨРДҮН ОРДУ 10.02.01- кыргыз тили Филологиялык билим берүү багытында магистр академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациянын АВТОРЕФЕРАТЫ Ош - 2024 45 Магистрдик иш Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тил илими кафедрасында аткарылды. Илимий жетекчи: филология илимдеринин кандидаты., доцент Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна Расмий оппонент: филология илимдеринин кандидаты., доцент Кожоева Гүлжамал Магистрдик диссертация 2022-жылдын ____ _______ ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде МАКта корголот. Магистратура бөлүмүнүн башчысы, улук окутуучу М.Табалдыева 46 ИЗИЛӨӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ Белгилүү илимпоз В.Н.Ярцеванын: “Кептешүү, пикирлешүү шарт-кырдаалы оптималдуу вариантты тандап колдонууга мажбурлайт” ,-деген. Кепте варианттуу сөздөрдү иргеп колдонуу да чеберчилик. Ч.Айтматов:”Кыргыз элинин улуу эпикалык традициясы баа жеткис руханий байлыкка жатат.Өзүнүн өсүш жолунда узак,татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен. Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң сезимин, ар намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган”-деп айтып келет да, “Биздин улуу Сөздөн куралган, Ойго терең көркөмдүк жана дүйнө таанымдын күчү, келберсинген даркандыгы эс талгыдай эле баёо бабаларыбыздын мурасы Египет прамидалары сыяктуу муундан муунга калуучу байыркы, урагыс жана табышмактуу маданий эстелик экендигин белгилейт” [6,9-б.]. Магистрдик иштин актуалдуулугу. Кыргыз тил илиминде варианттуу сөздөр иликтенбеген. Жазуучунун чыгармалары тилдик уюшулушу, колдонулган тилдик каражаттар жана ыкмалар иликтөөгө алынбаганы менен байланыштуу.Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде түгөйлүү сөздөрдүн изилденбегендиги, көркөмдүк өзгөчөлүгү жана түшүнүгү жөнүндөгү илимийтеориялык маселелер тил илиминин алкагында жаңыдан проблема катары колго алына баштагандыгын, бул багыттагы адабияттардын жетишсиздигин жана илимий изилдөөлөрдүн аздыгын эске алуу менен теманын актуалдуулугун айгинелейт деп эсептөөгө болот. Магистрдик ишти изилдөөнүн актуалдуулугу кыргыз тилинин морфологиялык каражаттардын тармагында жаңыдан изилдөөгө алына баштаган жазуучунун чыгармасынын тилине тыгыз байланыштуу, варианттуу сөздөргө токтолуп, алардын чыгарманын тилиндеги маанисинин жазуучунун чыгармасынын 47 тилиндеги мааниси берилет. Көркөм чыгарманын тили образдуулукка, таасирдүүлүккө, экспрессивдүү-эстетикалык касиеттерге ээ, тилдик түрдүү каражаттары, варианттары аркылуу автордун баяндоосунда да, каармандын тилинде керектелет Ишти изилдөөнүн максаты Ч.Айтматовдун талдоого алынып жаткан чыгармаларындагы морфологиялык тилдик каражаттардын көркөмдүк, боектуулук жагын тилдик аспектиде аныктоо жана анын кептеги эстетикалык жагын ачып көрсөтүү. Изилдөөнүн бул максатын жүзөөгө ашырууда төмөндөгүдөй милдеттер коюлат: - Морфологиялык варианттуу сөздөр көркөм чыгармадагы ролун, кызматын көрсөтүү; - Ч.Айтматовдун чыгармаларында түгөйлүү сөздөрдүн табиятына ылайык талдоо жүргүзүү; - Сын атоочтук варианттуу сөздөр жазуучунун чыгармаларында колдонулушун берүү менен андан теориялык тыянактарды чыгаруу; - Сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн көркөмдүк табиятын иликтөө аркылуу сүрөткердин чыгармаларынын тилдик бөтөнчүлүгүн ачып берүү. Магистрдик иштин милдеттери Жазуучунун чыгармаларынан морфологиялык каражаттардын варианттуулугун, эмоционалдуулугун боёктуулугун, ордун, колдонулуш чөйрөсүн аныктоо, талдоо. Изилдөөнүн методологиялык негиздери жана методдору Магистрдик иштин теориялык жана методологиялык негиздерин көркөм чыгарманын тилине жана стилистикага тиешелүү дээрлик жалпы тил илиминдеги, түркологиядагы жана кыргыз тил илиминдеги негизги жоболор, теориялык көз караштар түздү. Албетте, магистрдик иштеги илимий жоболор, тыянактар, аныктамалар, морфолгиялык синонимдер Ч.Айтматовдун чыгармасынын мисалында гана мүнөздөлдү. Иликтөө ишин жүргүзүүдө салттуу лингвистикалык баяндама, сыпаттама, 48 салыштырма, сөз-образ жана статистикалык методдор колдонулду. Магистрдик ишти изилдөөнүн обьектиси жана предмети Изилдөө ишибиздин предметтин Ч.Айтматовдун кыргызча чыгармалары, которулган чыгармалары түзүп, обьектиси ушул чыгармалардын тилинде морфологиялык каражаттардын вариаттуулугу жыйынтыктары, сын атоочтук түгөйлүү сөздөр боюнча талданышы болуп эсептелет. Магистрдик ишти изилдөөнүн жаңылыгы Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилинде түгөйлүү сөздөр биринчи алгач изилдөөгө алынууда. Кыргыз тил илиминдеги морфологиялык каражаттардын варианттуулугу аныктамалар, түшүнүктөр берилип, алар тилдик фактылар менен далилденди. Булар боюнча алынган илимий пикирлер жана тыянактар изилдөөнүн жаңылыгы болуп саналат. Сын атоочтук түгөйлүү сөздөр боюнча мисалдар чыгармада автордун колдонулушу боюнча маалыматтар аныкталат. Коргоого сунушталган жоболор: 1.Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде сын атоочтук варианттуу сөздөрдүн орду, изилдениши каралды 2. Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде сын ат атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн керектелишине басым жасалды 3. Жазуучунун чыгармасынын тилинде морфологиялык каражаттардын түрлөрү эмоционалдуу-экспрессивдүү боёктуулукту сөздөр түрдүү стилдик маанилерде колдонулуусу белгиленди. Изилдөө ишинин практикалык мааниси Аталган изилдөөнүн илимий баалуулугу, морфологиялык каражаттардын варианттуулугу тилдик табият-маңызын ачып берүүдө, көркөм кеп стилинин өзгөчөлүгүн ал адабий тилдин бардык фунукционалдык стилдерин өз ичине камтый турган, жалпы улуттук тилдин адабий жана адабий эмес формаларынын бардык тилдик каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар кептик өзгөчө стиль экендигин жеткиликтүү илимий деңгээлде далилдей алгандыгында конкреттүү мисалдарга ар тараптуу талдоо жүргүзүү аркылуу тилдик каражаттардын варианттуулук кызматын аныктап 49 бергендигинде, магистрдик диссертация келечекте мындай багыттагы изилдөөлөрдү интеграциялоочу материал болот деген ишенимдебиз. Изилдөөчүнүн жекече салымы Магистрдик ишти изилдөөдө Ч.Айтматовдун чыгармаларынын сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн колдонушуна илимий жактан баа берүү талдоо магистранттын салымы болуп эсептелет. Иштин апробацияланышы Докладдар даярдалды. Эки илимий макала жарыяланды. Мектеп окуучуларынын кыргыз тили жана адабият сабактарында Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча алынган тексттер, фильмдери колдонуу аркылуу сын атоочтук түгөйлүү сөздөр белгиленип, сабактар натыйжалуу өтүлдү. Магистрдик иштин стуруктурасы Иш киришүүдөн, эки баптан, корутундудан жана пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат. Киришүүдө ишти изилдөөнүн мүнөздөмөсү, теманын актуалдуулугу жана проблемалуулугу, иштин изилдениш даражасы, изилдөөнүн обьектиси, максаты жана милдеттери, методдору, иштин теориялык жана практикалык мааниси, жаңылыгы, теориялык-методологиялык негизи жөнүндө маалыматтар берилди. КОРУТУНДУ Магистрди ишибизде, улуттук тилдин морфологиялык стилистикасынын каражаттарынын табиятын Ч.Айтматовдун кыргызча жазылган жана кыргызчага которулган чыгармаларынын тилинин мисалында сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдү анализдеп, иргеп алып , көрсөтүүгө аракет жасадык. Иликтөө ишибизде сын атоочтордун Ч.Айтматовдун чыгармаларынын кебинде түгөйлүү сөздөрдүн колдонулушун чечмелеп, сын атоочтун формаларынын кептин уюшулушундагы боёктуулук таасири жана образдык мүнөздөрдүн тереңдеп ачылышындагы кызматы жөнүндө баяндалды. Ошондой эле, кептин эстетикалуулугу, тилдин грамматикалык формалары менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу да изилдөөдө кыйыр түрдө маалымат берилет. Изилдөө 50 багытындагы көздөгөн максатты иш жүзүнө ашырууда автордун жалпы интеллекти лингвостилистикалык планда каралды. Ч.Айтматов – элдик тилди өз деңгээлинде пайдалана билген сөздүн залкар, чебери. Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, адабиятын жана тилин эң жакшы билген жазуучу. Муну жазуучунун чакан аңгемелеринен тартып, көлөмдүү чыгармаларындагы сүйлөм кубулуштарынан, сюжет түзүү, вариаттуу сөздөрдү өз орду менен колдонуу чеберчилигинен, образдарды түзүү ыкмаларынан эле ачык байкоого болот. Автордук кепте баяндоо менен каармандык кеп көркөмдөлүп, бирин экинчиси толуктап, кейипкерлердин өз ара мамилесин, көз карашын жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн анализдөөгө түрткү берип турган түгөйлүү сөздөрдүн боёктуулугу, эмоцияналдуулугу, элестүү, ар түрдүү фонду, өңдү, түстү түгөйлүү сын атоочтор аркылуу бергендигин байкадык. Демек, жазуучунун жеке стилдик чеберчилиги варианттуу сөздөрдү өз орду менен чыгармаларындагы пайдаланылган элдик тилдин куюлушкан үлгүлөрүнүн кепте сын атоочтук варианттуу сөздөрдү колдонуп, эмоциялык жана экспрессивдик өң, түстү жарата алгандыгында. Ишибизди жыйынтыктап жатып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик: Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде түгөйлүү сөздөрдү талдоо менен ЖОЖдордун кыргыз филология факултетинин студенттерине, магистрлерине “Айтматовдун чыгармасынын тили” сабагын киргизүүнү, чыгармалары боюнча атайы илимий семинарлар, талкуулар өтүлүп талкуу уюштуруу жактары сунушталат. Жалпылап айтканда, көркөм сөздүн негиздөөчүсү Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тили өзүнүн бийик көркөмдүк эстетикасы, жалпы адамзаттык мазмундуулугу менен катар улуттук дүйнө таанымды, маңызын, эмоциянын түрлөрүн чыгарманын тилинде чагылдырууда түгөйлүү сөздөрдү пайдалангандыгы, тилдеги морфологиялык каражаттар сын атоочтук варианттар аркылуу да, жогорку чеберчиликте өздөштүрүп чыгарманын тилин ачып бергендиги менен баалуу. 51 9-ТИРКЕМЕ Авторефераттын кыргызча реюмеси Эркин кызы Айтурган 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду” деген темада филологиялык билим берүү багытындагы магистрдик академиялык даражаны изденип алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациясынын РЕЗЮМЕСИ Негизги сөздөр: вариант, варианттуу, сын атоочтук түгөйлүү сөздөр, сын атоочтун даражалары, каармандын кеби, автордук кеп, эмоционалдуу-экспрессивдүү боёктуу сөздөр, стилдик боёктуулук Изилдөөнүн обьектиси: Ч.Айтматовдун чыгармалары Изилдөөнүн предмети: Жазуучунун чыгармаларынын тилиндеги сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн орду тандалып алынды Иштин максаты: Ч.Айтматовдун чыгармаларында сын атоочтук түгөйлүү сөздөрдүн көркөмдүүлүгүн жана экспрессивдүү-эстетикалык өзгөчөлүктөрүн сыпаттоо Изилдөө методдору: Илимий иште коюлган максат, милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн теориялык метод, сыпаттама, синхрондук мүнөздөмө, сөзобраз методдор менен ишке ашырылды Изилдөөнүн жүрүшүндө бир нече жаңы илимий натыйжалар алынды: - Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде түгөйлүү сөздөрдүн орду, колдонулушу; - Жазуучунун стилинде варианттуу сөздөрдүн аныкталып берилиши; - Ч.Айтматовдун чыгармаларында түгөйлүү сөздөрдүн колдонулушу иликтенди; -Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде сын атоочтон жасалган түгөйлүү сөздөрдү керектелүүсү; Колдонуу чөйрөсү: Иштин теориялык баалуулугун морфологиялык каражаттар, синонимдер боюнча изилдөөлөрдүн жалпыланышы, алардын натыйжаларынын Ч.Айтматовдун чыгармаларында сын атоочтон жасалган түгөйлүү сөздөрдүн колдонулушу, жазуучуга мүнөздүү стилдин көркөмэкспрессивдүү бөтөнчөлүгүн айгинелейт. Ал эми практикалык мааниси мындагы тыянактардын жана натыйжалардын лексикологияда, стилистиканын ЖОЖдордо курсун өтүүдө, жазуучунун тилин, стилин үйрөнүүдө колдонунун мүмкүнчүлүгү менен түшүндүрүлөт. 52 10-ТИРКЕМЕ Авторефераттын резюмесинин орусчасы РЕЗЮМЕ Магистрской диссертационной работы Эркин кызы Айтурган на соискательство по направлению филологии. Магистрской академической степени по образование кыргызскому языку- 10.02.01 на тему “Положение пригательных пар в произведениях Ч.Т.Айтматова” Ключовые слова:вариантности, прилагательные пары, приглательные степени, речь персонажа, авторская речь, эмоционально-экспрессивная слова. Объект исследования: произведения писателя Ч.Айтматова. Предмет исследования: Отобраны положение прилагателные пары в языке произведений великого писателя Ч.Айтматова Цель научной работы: О характеризовать экспрессивно-эстетические и художественные особенности прилагательные пары слова произведений Ч.Айтматова. Методы исследования: Поставленная цель научной работы достигнута теоретическим методом реализации функции, описания синхронной характеристики, слово-образа. В ходе исследования были выялены несколько научных результатов: - Место и употребление парных слов в языке произведений Ч.Айтматова. - Определите варианты слов в стиле писателя. - Исследованно употребление парный слов в произведениях Ч.Айтматова. - Употребление парных слов, образованных от прилагательных в языке произведений Ч.Айтматова Сфера применения: В применении результата исследования в разборе произведений Ч.Айтматова со употребление пар прилагательных, теоритическая ценност работы заключается в обобщении. А также доказывает особенность художественно- экспрессивного стиля свойсвенного для великого писателя. А практическое значение заклячения и результата имеет в произведении курсов в ВУЗах по стилистике, в применении в изучении языка и стиля выдающегося писателя Ч.Айтматова. 53 11-ТИРКЕМЕ Авторефераттын резюмесинин англисчеси RESUME Of Erkin kyzy Aiturgan’s on the theme adjective pairs in the language in the novels of Ch.Aitmatov Key words:option. adjective pair. adjective degrees.speech character. author’s speech.emotionnal and expressive words Object of the Research: The novels of Ch.Aitmatov The subject of the research: In the writer’s a works have been selected adjective pairs The goal of the research: Aitmatov’s work adjective pairs the aesthetic, аrtistic and expressive feature. Reserch methods: The paper for the realization of the goal and objectives and described in the theoretical method, аnd scenic character, word,image. During the research there were received several results: - Place and use of paired words in the language of Ch.Aitmatov - Indentifi word options in the style of the writer - The use of paired words in the works of Ch.Aitmatov’s work - The use of paired words formed from adjectives in the language of the works of Ch.Aitmatov Usage are: The theoretical value of in Aitmatov’s features to be used in the analytasis. The author defined the artistic expressive features. In addition to the practical significance of findings and results wihe style universities are participating in the course with the ability to analyze the writer’s use of language and style subdivision. 54 ИЛИМИЙ МАКАЛАНЫ ДАЯРДООНУН ТАЛАПТАРЫ, ҮЛГҮЛӨРҮ Илимий макаланы даярдоо магистранттардан да талап кылынат. Себеби магистрдик ишин коргоого чейин изилдеп жаткан темасы боюнча 2 илимий макаласын басмадан чыгаруу жарыялоо керек. Илимий макала жазуу үчүн “ОшМУнун жарчысына” тиешелүү болгон талаптарды сунуштайм. «ОшМУнун жарчысы» журналында илимдин бардык багыттары боюнча каралып чыккан, проблемалык жана илимийпрактикалык мүнөздөгү макалалар басылып чыгат. Макалалар кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат. Макала талаптарга толук же жарым жартылай жооп бербеген учурда басмадан баш тартуу укугуна ээ! Макалаларды даярдоонун талаптары: 1.Берилген макалалар оригиналдуу болуусу жана мурда башка басылмалардан же электрондук басмадан чыкпоосу зарыл. Макаланын көлөмү 6 беттен кем эмес болуп, А4 форматында иштелип, адабияттарга шилтеме берилүүсү керек; кыскача билдирүүлөрдүн көлөмү 4 бет, каралып чыккан обзордук жана проблемалык макалалар адабияттардын тизмеси менен кошо 12 бет болуусу зарыл. Макалалар Microsoft Word форматында, шрифт Times New Roman, Tamga KIT (кириллица) шрифт өлчөмү – 14; үстүңкү жана астыңкы сызык - 2 см, сол жагы - 3 см, оң жагы - 1,5 см; абзац - 1,15 см («пробел» клавишасын колдонуу менен абзац коюлбайт), интервал 1,15, текстти туурасы боюнча тегиздөөгө, интервалдарды ныктоого тыюу салынат. Барактар номерленбейт. Автор тарабынан орфографияны текшерүү талап кылынат! 2.Макалада илимдин (практиканын), анын айрым тармактарынын, кубулуштарынын, окуяларынын өнүгүүсүнүн эң маанилүү жана келечектүү багыттары талданып, салыштырылып, аныкталышы керек. Материал көйгөйлүү мүнөзгө ээ болуп, илимий 55 (практикалык) билимдерди өнүктүрүү боюнча ар кандай көз караштарды көрсөтүүгө, корутундуларды, жалпылоолорду, жыйынтыктоочу маалыматтарды камтууга тийиш. Макаланын текстинин үстүңкү сол жагында темага чейин УДК индекси көрсөтүлүүсү керек (универсалдуу ондук классификация). https://teacode.com/online/udc/index.html ). Структуралык элементтер кезеги менен 3 тилде берилиши керек. Илимий макаланын темасынын башталышы макала жазылган тилден башталат. 3. Макаланын структурасы талапка жооп бериши керек: МАКАЛАНЫН ТЕМАСЫ - ортодо баш тамгалар менен, жоон, шрифт өлчөмү 14. Оң жактан шрифт өлчөмү 12, курсив менен төмөндөгүлөр берилет: - автордун(лардын) толук аты-жөнү, кыскартуусуз; - кызмат орду, илимий даражасы, илимий наамы, - уюмдун толук аталышы - иштеген жери (атооч жөндөмөсүндө); - шаар, өлкө - электрондук почта Эгерде макаланын бардык авторлору бир мекемеде иштесе, ар бир автордун иштеген жерин өзүнчө көрсөтпөй коюуга болот. - Аннотация: көлөмү 80 - 100 сөзгө чейин, макаланын кыскача мазмунун чагылдырат.- туурасынан, шрифт өлчөмү 12, курсив. Ачкыч сөздөр: 5 тен 8 сөзгө чейин, - туурасынан, шрифт өлчөмү 12, курсив. Андан ары 3-пункттун тартибинде башка эки тилде маалыматтар берилет. Компьютердик котормого жол берилбейт. 4. Толук текст төмөнкү бөлүмдөрдөн турушу зарыл: 1. Киришүү (кырг.;орус. Введение англ. Introduction). Изилдөөнүн актуалдуулугу, максаты көрсөтүлүп, изилденип жаткан маселенин маанилүүлүгү, бул маселе боюнча адабияттарга сын көз менен кароо, автордун оригиналдуу гипотезасы, колдонулган методдор жана иш планы келтирилет. Окурманга макаланы 56 түшүнүү үчүн изилденип жаткан суроонун тарыхы же маалымдама берилет. 2. Изилдөөнүн каражаттары жана ыкмалары (орус. Материалы и методы исследования англ. Research materials and methods). Бул бөлүмдө изилдөөнүн методологиясы жана аны тандоонун максаты, изилдөөнүн натыйжаларын алуу үчүн кандай иштер жасалгандыгы баяндалышы керек. Кошумча бөлүмдөрдү белгилөө изилдөө процессинин ар кандай этаптарын же бөлүктөрүн чагылдырууга мүмкүндүк берет. 3.Жыйынтыктар жана талкуулар (орус. Результаты и обсуждения; англ. Results and discussions). Бул бөлүктө алынган натыйжалар көрсөтүлөт. Натыйжалар логикалык ырааттуулукта берилиши керек, бул сөзсүз түрдө текстте берилген тартиби менен бирдей эмес болушу мүмкүн. 4.Корутунду ( Выводы англ. Conclusion). Макаланын бул бөлүгү эң маанилүү болуп саналат, ал жогоруда айтылгандардын бардыгын жалпылайт жана каралып жаткан маселени чечүү боюнча сунуштарды түзөт. 5.Адабияттар 12 шрифт менен түзүлөт, тизмеде 5тен кем эмес жана 15тен ашык эмес адабияттардын болуусу зарыл жана талаптарына ылайыкталуусу керек. ГОСТ 7.1 -2003 https://etu.ru/assets/files/GOST_7.1-2003_Prilozhenie.pdf Колдонулган адабияттардын тизмесинде бардык эмгектер цитата келтирүү иретинде берилиши керек. Тексттин ичиндеги шилтемелер чарчы кашаанын ичинде номерленет [1, 34-б.], же [2], [3] ж.б.у.с. Тексттеги формулалар жана символдор (жоон эмес шрифт) Equation Editor же Math Type программасында терилиши керек. Тексттеги кыскартылган аталыштар чечмеленүүгө тийиш, формулалар саптын аягында оң жагында кашаанын ичинде (1) номерленет. Иллюстрациялардын жана таблицалардын аталыштары жана номери болушу керек. Таблицаларды жана фигураларды тегиздөө – беттин ортосунда жайгашуусу зарыл. 57 Иллюстрациялардын жана таблицалардын аталыштары 12 (Times New Roman) шрифти менен терилиши керек. Талаптарга ылайык даярдалган макалалар редакцияга journal@oshsu.kg электрондук почтасына жөнөтүлөт, системага жүктөлгөн макаласы бар файл Microsoft Word форматында (*.doc, *.docx кеңейтүүсүндө) болуусу керек. Тел.: 03222 7-08-28, ОшМУнун башкы корпусу, 131-кабинет. Авторлор көңүл буруңуздар! Өзүн-өзү цитаталоого жана бир нече жолу цитаталоого тыюу салынат жана негизсиз деп өчүрүлөт (мурда жарыяланган изилдөөнүн башталышына шилтемени же ушуга окшош шилтемени (2ден көп эмес) кошпогондо). Изилдөө темасы боюнча чет өлкөлүк авторлордун – адистердин эки же андан көп шилтемесин келтирүү сунушталат (оригинал тилде, журналдардагы макалаларга). Акыркы 5 жылда жарыяланган бир нече булактарды колдонуу сунушталат. Жеткиликсиз, аргасыз жана тиешеси жок шилтемелерди келтирүүгө болбойт. Интернеттен алынган маалыматтарга шилтеме жасоодо кашаанын ичинде иштин аталышы, негизги маалымат булагынын электрондук дареги жана кирүү датасы көрсөтүлөт. Мисалы: чыгарманын аталышы, URL: http://www.lib.krsu.edu.kg/ (жетилген күнү: 19.05.2019). Псевдо-илимий, илимий эмес жана илимий-популярдуу булактардан (брошюралар, гезиттер, энциклопедиялар, сөздүктөр, окуу жана окуу куралдары, маалымдамалар), ошондой эле жаңылыктар ленталарынан жана блогдордон, эгерде булар изилдөө логикасына негизделбесе, цитата кылуу сунушталбайт.Зарыл болгон учурда, шилтемелерди тексттин өзүндө сактоого болот. Плагиатка каршы программа боюнча макаланы алдын ала текшерүүдө чыгарманын оригиналдуулугу 70 пайыздан кем эмес болушу керек; Макалалар журналдын редакторлору тарабынан дайындалган эксперттер тарабынан текшерилет. 58 Журналдын редакциясы автордун макулдугу менен макаланы оңдоого жана ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. МАКАЛАНЫН ҮЛГҮСҮ УДК 81.373.471 Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна, ф.и.к., доцент E-mail:knarmyrzaeva 64@qmail.com Ош мамлекеттик университети Ош, Кыргыз Республикасы Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТИЛИНДЕ ЗАТ АТООЧТУК СИНОНИМДЕРДИН КОЛДОНУЛУШУ Аннотация. Бул макалада зат атоочтук синонимдердин изилдениши, кыргыз, түрк тил илиминдеги окумуштуулардын изилдөөлөрү тил илиминдеги илимпоздордун пикирлери берилип, Ч.Айтматовдун мисалында талданат. Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде зат атоочтук синонимдердин изилденбегендиги, сөз түркүмдөрүнүн синонимдик табияты, көркөмдүк өзгөчөлүгү жана түшүнүгү жөнүндөгү илимийтеориялык маселелер кыргыз тил илиминин алкагында жаңыдан проблема катары колго алына баштагандыгын, бул багыттагы адабияттардын жетишсиздигин жана илимий изилдөөлөрдүн аздыгын эске алуу менен теманын актуалдуулугун айгинелейт. Проблемаларды чечүүдө негизги зат атоочтук синонимдерге токтолуп, алардын чыгарманын тилиндеги синонимдик жагын жазуучунун чыгармасынын мисалында орду берилет. Изилдөө ишибиздин предметин Ч.Айтматовдун чыгармалары түзүп, обьектиси ушул чыгармалардын тилинде зат атоочтук синонимдердин жыйынтыктары. Ч.Айтматовдун талдоого алынып жаткан чыгармаларындагы зат атоочтук синонимдердин тилдик каражаттардын көркөмдүк, боёктуулук жагын тилдик аспектиде аныктоо жана анын кептеги эстетикалык жагын ачып 59 көрсөтүү. Зат атоочтук синонимдердин көркөм чыгармадагы ролун, кызматын көрсөтүү. Зат атоочтук синонимдерди жазуучунун чыгармаларында колдонулушунун берүү менен, андан теориялык тыянактарды чыгаруу.Жазуучунун чыгармаларынан морфологиялык синонимдердин эмоционалдуулугун боёктуулугун, ордун, колдонулуш чөйрөсүн аныктоо, талдоо. Ачкыч сөздөр: синонимия, морфологиялык синонимдер, синонимдик катар, синонимдин түрлөрү,синонимдеги мүчөлөр, заттык синонимдер, стилдик синонимдер, синонимдердеги экспрессивдүүлүк, синтаксистик синонимдер,эркелетүүчү, боёктуу зат атоочтук синонимдер, эмоционалдуу, боёктуу сөздөр, каармандык, автордук кепте, оң жана терс эмоция Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна, к.ф.н., доцент E-mail:knarmyrzaeva 64@qmail.com. Ошский государственный университет Ош, Кыргызская Республика ИСПОЛЬЗОВАНИЕ СИНОНИМИЧЕСКИХ СУЩЕСТВИТЕЛЬНЫХ В ЯЗЫКЕ ПРОИЗВЕДЕНИЙ Ч.АЙТМАТОВА Аннотация. В данной статье дает обзор существительных синонимов, представлены исследования кыргызко-турецких лингвистических ученых, даны мнения языке знательных ученых где анализируется на примере Ч.Айтматова. Не исследованность существительных синонимов в языке произведения Ч. Айтматова научно-теоретические вопросы о синонимической природе существительного, красочной своеобразности понятии свидетельствуют о том, что в Кыргызской лингвистики вновь стали рассматриваться как проблема, актуальность темы, учитывая нехватку литературы малое количество в научных исследований в этом направлении. В решении задач основное внимание уделяется существительным синонимам, их 60 синонимическим аспектам языке произведения отводится место в примере произведения автора. К предмету нашей работы относится произведения Ч. Айтматова, объект которых является итогом существительных синонимов на языке этих произведений. Определение в языковом аспекте красочной стороны языковых средств существительных синонимов в анализируемых произведениях Ч. Айтматова и выявление его эстетической стороны в речи. Использование синонимов существительных в произведениях писателя анализируется путем вывода из него теоретических выводов. Ключевые слова:синонимия, морфологические синонимы, синонимический ряд, виды синонимов, члены синонимов, вещественные синонимы, стилистические синонимы, выразительности в синонимах, синтаксические синонимы, ласкательные, красочные именные синонимы, эмоциональные, красочные слова, персонажи, авторские слова, положительные эмоции Narmyrzaeva Kurmanzhan Zhyrgalbaevna, Candidate of Philological Sciences, professor E-mail:knarmyrzaeva 64@qmail.com/ Osh State University Оsh, Kyrgyz Republic THE USE OF NOUN SYNONUMS IN BHE LANDUADE OF AITMATOVS WORKS Annotation. This article provides an overview of noun synonyms, presents the research of Kyrgyz-Turkish linguistic scientists, gives the opinions of linguistics scientists, where it is analyzed by the example of Ch. Aitmatov. The unexplored nature of noun synonyms in the language of Ch. Aitmatov's works, scientific and theoretical questions about the synonymic nature of the noun, colorful originality and concept indicate that within the framework of Kyrgyz linguistics, they have again begun to be considered as a problem, the relevance of the topic, given the lack of literature and a small number of scientific studies in this direction. In 61 solving problems, the main attention is paid to noun synonyms, their synonymic aspects in the language of the work are given a place in the example of the author's work. The subject of our work includes the works of Ch. Aitmatov, the object of which is the result of noun synonyms in the language of these works. Definition in the linguistic aspect of the colorful side of the linguistic means of noun synonyms in the analyzed works of Ch. Aitmatov and identification of his aesthetic side in speech. The use of synonyms of nouns in the works of the writer is analyzed by drawing theoretical conclusions from it. Keywords: synonymy, morphological synonymys, synonymic series, types of synonyms, members of synonyms ,real synonyms, stylistic synonyms, expressiveness in synonyms, syntactic synonyms, affectionate, colorful nominal synonyms, emotional, colorful words, characters, author’s words, positive and negative emotions Макаланын стуруктурасы, колдонулган адабияттар кантип берилет үлгүсү 1.Киришүү (Введение, Introduction)Текст … [1]текст … [2]. Текст........ … [3]. Андан ары структура боюнча Макаланын текстинде сүрөттүн жайгашуусу: 1- сүрөт ... Макаланын текстинде таблицанын жайгашуусу: 1- Таблица ... 62 Адабияттар: Китептер үчүн Пакшина С.М. Передвижение солей в почве: монография. M.: Наука, 1980. 120 с. Сидоркина А.Н., Сидоркин В.Г. Биохимические аспекты травматической болезни и ее осложнений / ФГУ НИИТО. Изд. 2-е, перераб. и доп. Н. Новгород, 2009. 148 с. Жыйнактар үчүн Котиков М.В., Ториков В.Е., Мельникова О.В. Ранжирование современных сортов картофеля по их полевой устойчивости к фитофторозу // Агроэкологические аспекты устойчивого развития АПК: материалы Международной научно - практической конференции студентов, аспирантов и молодых ученых (выпуск1). Брянск. 2005. С.97-102. Окуу куралдары, справочниктер, монографиялар ж.б. үчүн Эстетическая и реконструктивная хирургия нижних конечностей / под ред. А.А. Артемьева. М.: ГЭОТАР-Медиа, 2008. 248 с. Атлас по медицинской микробиологии, вирусологии и иммунологии: учеб. пособие для студентов мед. вузов / под ред. А.С. Быкова, А.А. Воробьева, В.В. Зверева. 2-е изд., доп. и перераб. М.: Мед. информ. агентство, 2008. 272 с. Диссертациялар, авторефераттар үчүн Белозеров И.В. Религиозная политика Золотой Орды на Руси в XIII-XIV вв.: дис. … канд. ист. наук: 07.00.02: утв. 15.07.02. М., 2002. 215 с. Назаров И.Г. Развитие коммуникативной компетентности социальных педагогов села в процессе дополнительного профессионального образования: автореф. на соиск. ученой степ. канд. пед. наук. М., 2002. 24 с. 63 Журналдагы макалалар үчүн Бир автор: Просянников Е.В. Устройство для отделения образцов почвы от растительных остатков //Почвоведение. 1979. №11. С. 162-164. Эки автор: Просянников Е.В., Карпенчук Г.К. Активность ионов кальция в почвах Приднестровья Украины как показатель их хлорозоопасности для яблоневых садов // Почвоведение. 1982. № 9. С. 116-121. Электрондук булактар үчүн Иванова А.Е. Проблемы смертности в регионах Центрального федерального округа // Социальные аспекты здоровья населения. 2008. № 2. URL: http://vestnik.mednet.ru/content/view54/30/ (дата обращения: 15.08.2008). О развитии малого и среднего предпринимательства в Российской Федерации: федер. закон от 24 июня 2007 г. N209-ФЗ (с изм. и доп.). Доступ из справ. -правовой системы «Гарант».Источник: http://referat.niv.ru/view/referatother/259/258992.htm 12- тиркеме Макаланын үлгүсүн берүү Магистранттын илимий макаласы УДК 81’366:303.032 Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДА СЫН АТООЧТУК ВАРИАНТТУУ СӨЗДӨРДҮН КЕРЕКТЕЛИШИ Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна, ф.и.к., доцент E-mail:knarmyrzaeva 64@qmail.com Эркин кызы Айтурган-магистрант Е-mail:aiturgan.erkin kyzy@inbox.ru Ош мамлекеттик университети 64 Ош, Кыргыз Республикасы Аннотация: Макалада морфологиялык каражаттардын сын атооч сөз түркүмдөрүнөн жасалышы, мисалдар Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилинен алынат. Кыргыз тил илимиминде сын атоочтук варианттуу сөздөрдүн керектелиши, чыгармада анын белгилерин көрсөтүүчү тигил же бул жалпы мааниден гана эмес, жазуучунун кебинен, каарманды сүрөттөөсүндө байкалат. Каармандын кебинде толук сүрөттөлүп, сын атоочтун вариаттары аркылуу берилет.Көркөм чыгарманын тилинде көркөмдүүлүк, боектуулук сын атоочтун варианттары менен салыштырылат. Морфологиялык каражаттар каармандын кебинде, келбетин, мүнөзүн, пейзаждык сүрөтттөөлөрдү боёктуу берүүдө, сын атоочтон жасалган түгөйлүү сөздөрдү жазуучу керектеген.Жазуучунун чыгармасында сын атоочтук варианттуу сөздөрдү орду менен колдонгонун белгилөө менен көркөм чыгармаларынын тилинде боектуулук, көркөмдүүлүк бергендиги талданат. Ачкыч сөздөр: морфологиялык каражаттар, вариант, варианттуулук кубулушу, сын атоочтук варианттуулук, каармандын кеби, диалогдук кеп, чыгарманын тили, колдонулуу сферасы, морфологиялык каражаттардын варианттуулугу, боектуулук. ИСПОЛЬЗОВАНИЕ ВАРИАТИВНЫХ ПРИЛАГАТЕЛЬНЫХ СЛОВ В ПРИОЗВЕДЕНИЯХ Ч.АЙТМАТОВА Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна, к.ф.н., доцент E-mail:knarmyrzaeva 64@qmail.com Эркин кызы Айтурган-магистрант Е-mail:aiturgan.erkin kyzy@inbox.ru Ошский государственный университет Ош, Кыргызская Республика 65 Аннотация: Состав морфологических средств в статье из частей речи прилагательных, на примере работ Ч.Айтматова. В кыргызском языкознании употребление слов с вариантами прилагательных выражаетсы не только в том или ином общем значении, означающем его признаки в произведении, но и в речи писателя, в описании персонажа. В речи персонажа дается полное описание, которое дается через варианты прилагательных. Язык художественного приозведения анализируются вариантами художественной выразительности, красочности. Морфологические средства использовались писателем в речи персонажа, в красочном и изоброжении внешности, персонажа, в описании ландшафта, в употреблении прилагательных пар слов.Произведения искусства с употреблением прилагательных в творчестве писателя. Язык анализируется с точки зрения искусства и цвета. Ключевые слова: морфологические средства, вариант, явление, вариантности, вариантивность прилагательных, речь персонажа, диалогическая речь, язык произведения, сфера употребления, вариативность морфологических средств, окрашенность. THE USE OF VARLABLE ADJECTIVES IN THE WORKS OF CH. AITMATOV Narmyrzaeva Kurmanzhan Zhyrgalbaevna, Candidate of Philological Sciences, professor E-mail:knarmyrzaeva 64@qmail.com Erkun kyzy Aiturgan- magstrant Е-mail:aiturgan.erkin kyzy@inbox.ru Osh State University Оsh, Kyrgyz Republic Abstact: The composition of morphological means in the article from the parts of speech of adjectives,on the example of the works of Ch. Aitmatov. In Kyrgyz Linguistics, the use of words with variants of adjectives is expressed not only in a particular general meaning, 66 meaning its features in the work, but also in the speech of the writer, in the description of the character. The speech of the character,a full description is given,which is given through variants of adjectives. The language of f work of art is analyzed by the variants of artistic expressiveness and colorfulness.The author used adjective pair words as morphological means in the hero’s speech and landscape.The author points out the effective usage of adjectival words and analyses their role in giving stylistic colour to the novel. Keywods: morphological meanz, variant, the phenomenon of variability,the variability of adjectives, character speech, dialogis speech,the language of the work, the scope of use? The variability of morpologial means,color. Киришүү Улуу замандашыбыз - дүйнөлүк алкактагы жазуучу Ч.Айтматов көп кырдуу чыгармачылыгында дүйнөлүк адабияттагы жаңы багытты ачып, андагы элдик даанышмандык, адам улуулугу, акылэс сыяктуу баалуулуктарды философиялык жана психологиялык, тилдик өңүттөн ачып бере алды. Анын чыгармаларында улуттук өзгөчөлүк, учурдун актуалдуу көйгөйлөрү,адамдын рухий жана адептик касиеттери, акыйкат жана адилеттүүлүк маселелери башкы орунда турат.Каламгер өз мекенинин чыныгы уулу болуу менен кыргыз элинин тээ байыртан келе жаткан баалуулуктарын дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, аны менен тааныштырган. Адамгерчилик, улуу адеп ахлакты туу туткан инсан катары ааламдашуу шартындагы көйгөйлөрдү көркөм сөзү, тилдик каражаттарында варианттуу, синоним сөздөрү менен коомчулукка ачыктаганын байкоого болот. “Көркөм адабиятта сын атоочтордун колдонулушу боюнча башка сөз түркүмдөрү сыяктуу, тилдик өзгөчөлүгү кездешет. Көркөм чыгармаларда сын атооч сөздөр мейли нагыз, функционалдык маанилери боюнча болсун, өздөрүнүн стилдик касиетинде ар кандай жолдор менен колдонулат”, - деп Н.Шаршеев белгилеген [4]. 67 Бүгүнкү күндө тил илиминин башкы актуалдуу тенденцияларынын бири –тил системасын өз ара тыгыз карымкатышта,байланышта турган окшоштуктар менен айрымачылыктардын системасы катары карап, ушул аспектиде изилдеп-үйрөнүү.Тилдик фактыларды мазмун планы жактан бирдейлик, ал эми формалык жактан айырмачылык критерийи боюнча дифференциялоо вариаттуулук кубулушу менен байланыштуу. Варианттуулук кубулушу–тилдин өнүгүүсүнүн убактылуу болсо да обьективдүү этабы,ал кептик көндүмдөрдүн муундан-муунга өтүүчүлүгүн, тилдеги эски сапаттын жаңысына өтүүсүн камсыз кылат. Варианттуулук (лат.varians,varantis- өзгөрүүчү, өзгөрүлүүчү)1. кандайдыр бир тилдик маңыз-мазмунду туюндуруу ыкмалары (модификациялары, түрлөрү, формалары); 2.тилдик бирдиктердин жана жалпы эле системасынын жашоо жана кызмат аткаруу ыкмасынын мүнөздөмөсү экени белгилүү [6,80-б.]. Варианттуулук кубулушу тил системасынын бардык деңгээлдеринде – фонетикалык деңгээлде да, морфологиялык деңгээлде да, лексикалык деңгээлде да, синтаксистик деңгээлде да , айрым учурда текст деңгээлинде да учурайт. Изилдөөнүн методдору жана материалдары Биз бул макалабызда Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилиндеги сын атоочтук варианттуу сөздөрдүн керектелүүсүн иликтөөнү негиз кылып алдык. Сын атоочтордун варианттуулугун изилдөөгө талдоого алганбыз. Көркөм чыгарманын тилин талдоого алууда Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилин иликтөөдө сөз-образ,семантикалыкстилистикалык статистикалык метод аркылуу талданды. Жазуучунун чыгармасынан алынган ар бир сүйлөм салыштырылып, варианттуу сөздөр талданды. Сүрөткердин чыгармада каармандын кебин, сырткы келбетин, мүнөзүн берүүдө сын атоочтон жасалган варианттуу сөздөрдү керектегенин байкоого болот. Бул өңүттөн алганда, автордун тилди тандоо, варианттуу сөздөрдү ылгап колдонуу жагы, чыгармачылыгынын мыкты ийгилиги, тилинин 68 жатыктыгын изилдөөдө кызыгууну жаратып, изденүүчүлүккө түрткү берет. Изилдөөнүн натыйжалары жана талкууланышы Дүйнөлүк тил илимине 400гө жакын эмгеги менен салымын кошкон, илимпоз В.Н.Ярцеванын:“Кептешүү,пикирлешүү шарткырдаалы оптималдуу вариантты тандап колдонууга мажбурлайт”,деген фразасы негизге алынат. Белгилүү окумуштуу К.Сейдакматов варианттуулуктун сферасын изилдөө хронологиялык жагы жана варианттуулуктун көлөмү тилдин деңгээлдерине жараша аныкталарын белгилейт Сейдакматов [7]. Кыргыз тил илиминде вариаттуулуктун морфологиялык деңгээли изилдөөнү талап кылат. Биз, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тилинде сын атоочтон жасалган вариаттуу сөздөрдүн катышуусун мисалдары менен анализдөөдө төмөнкүдөй тилдик ар бир мисалды берип, өзгөчөлүктү анализдедик. Мисалы, жазуучунун чыгармаларынан алынган төмөнкү мисалдарды талдоого алдык. Жарадар=жаралуу А кезде болсо Эдигей али Борондуу атка коно элек, жергиликтүү бир темир жолчу казакка кокус жолугуп, анын тилине кирип, ээрчип бараткан жаралуу аскер аралдык казак болуучу (“К.К.Б.К”, 66-б). Жазуучу алынган “жаралуу” деген сөздү каармандын кебете-кешпирин, ким экендигин берүү менен окурманга тааныштырды. Автор кармандын кебинде аскердин жаралуу экендигин көрсөтүп, сын атооч аркылуу сүрөттөп берди. Даниярдын буту жарадар экенин эмне үчүн мурда ойлободук экен ? (“Ж”,471-б).Бул сүйлөмдө автор “жарадар” деген варианттын каармандардын сүйлөшүү кебинде Даниярдын бутунун сынгандыгын сыпатоодо керектеп, өкүнгөндүк сезимди сын атооч аркылуу берди.Автор жарадар=жаралуу түгөйлүү сөздөрдү орундуу пайдаланганын белгилөөгө болот. Ак кардуу= ак карлуу Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир – Тоосу бар, боордо токой чери бар, ортосунда Көкө-Теңирдин 69 жерге тамган көз жашындай мөлтүр Ысык-Көлү бар жерге алпарам (“Ак кеме”, 228-б). Жазуучу чыгармада кармандын кебинде “ак кардуу” сын атоочту пейзаждык сүрөттөөдө пайдаланып боектуулукту көрсөттү. Тегерете курчаган ак карлуу алкак Ала-Тоо, боор жапкан чер токой, ортодо мөлтүрөгөн ирим көл (“Ак кеме”, 229-б). Бул сүйлөмдө автор ак карлуу сын атоочун Ала-Тоонун кооздугун, пейзажды көркөмдөп сүрөттөп берүүдө боектуулук үчүн керектеди. Пейзаждык сүрөттөөдө ак кардуу= ак карлуу деген сын атоочтук варианттуу сөздөрдү жазуучу чеберчилик менен колдонду. Жашыруун=жашырын Алар чокуга чыгып барганда, эң маанилүү, чар тарапта эч бир жан жок болгондо гана айтыша турган, сыры ушунчалык жашыруун сөздү бир бирине айтабыз деп экөө тең ойлошкон (“К.К.Б.К”, 323-б). Жазуучу чыгармасында каармандардын эч ким билбеген, укпаган сөздү чокуга чыгып бири-бирине айтуучу “жашыруун” деген сын атоочтон жасалган жашыруун сөздү берүүдө колдонду.Окурманга да табышмактуу. “Бирок кептин баары, ушунун натыйжасында туулган адам – аны иксорд деп коёлу–жашырын инсан, ал ата-энесиз, жасалма жол менен жаратылган субъект экендигинде, мен ушундай түшүнөм” (“К.Т”, 255-б).Автор бул сүйлөмдө “жашырын” деген вариантты каармандын кебинде жашырын инсан экендигин далилдеп коомдогу актуалдуу проблеманы бир сөз менен түшүндүрүүдө керектеди. Бул түгөйлүү сөздөрдү жазуучу,албетте, жашыруун сөз, жашырын инсанды каармандын кебинде чеберчиликте берди. Сургулт=сургул Уясына жашынууга чукулдап, күздө талаанын сургулт четине чыгып алган күндүн кочкул нурлары бийикте турган теректердин чокуларына бирде тийип, бирде тийбей кубулуп турган экен (“С.Ж”,9-б). Автор сургулт деген сөздү колдонуу менен пейзаждык сүрөттөөлөрдү кооздоп боектуу сүрөттөп берди, каармандын сүйлөшүү стилине тиешелүү экендигин белгилейбиз. 70 Поезд биротоло токтогончо Афанасий Иванович вагонду ээрчий терезеде турган Эдигейди жылмая тиктеп, басты. Куба кирпик, сургул көгүш көзү ниетинен чыккан кубанычын билдирип жымыңдайт (“К.К.Б.К”, 282-б). Жазуучу каармандын сургул көгүш көзүнөн кубанычты бергенин, көзүнүн сургул көгүш экендигин сын атоочтук варианттуу сөздөр менен бергенин байкоого болот. Елизаров сургулт –көгүш көзүн бакырайта бир карап алды да, башын ийкеп, сумсайыңкы тартты, кабагы түшүп, кайра күлүмсүрөгөндө жазылып кетти (“К.К.Б.К”,282-б, ).Жазуучу чыгармада Елизаровдун сургулт көгүш көзүн, сумсайып туруп, күлүмсүрөгөнүн сүрөттөйт. Ч.Айтматовдун чыгармасынын тилинде сургулт=сургул түгөйлүү сөздөрдү сейрек колдонгондугун, бирок каармандын көзүн сургулт= сургул сөздөр менен чеберчиликте, боектуу бергендигин байкадык. Боорукердик=боорукерлик Оор басырык мүнөзүн, кайрымдуулугун, боорукерлигин, эл жакшы көрүп, урматтап турчу (“Г”, 26-б). Сүрөткер чыгармасынын тилинде каармандын адамгерчилигин, мүнөзүн “боорукерлик” сын атооч сөзү менен сүрөттөп берди. Эси чыккан кыз шашканынан эмне кыларын билбей, маңдайынан сүйөп, колунан келсе кандайдыр жардам этүүгө умтулуп өтө боорукердик менен Нурбекти аяп карады (“А.К”, 359б).Сүрөткер каармандын жарадар адамга боорукердик менен мамиле жасап, жардам берген учурунда боорукердик сын атоочтон жасалган варианттуу түгөйдү колдонуу менен адамдын мамилелесин сүрөттөгөнүн байкоого болот. Корутунду Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тил илиминде варианттуу сөздөр ар бир сөз түркүмүнөн жасалары белгилүү. Сүрөткер чыгармаларынын тилинде сын атоочтук варианттуу сөздөрдү иргөө принцибинин негизинде орундуу, каармандын кебете-кешпирин, мүнөзүн, адамгерчилигин, пейзаждык сүрөттөөнү, стилдик боёктуулукту берүү менен орундуу,чеберчиликте колдонгондугун 71 байкоого болот. Жазуучу сын атоочтон жасалган варианттуу сөздөрдү чыгармасында каармандын кебинде келбетин, өңү-түсүн, мүнөзүн, кийимин жана пейзаждык сүрөттөөлөрдө өң-түс,фон берүүдө колдонгондугун баса белгилейбиз. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сын атоочтун варианттуулугун көрсөткөн сөздөр, чектелүү гана колдонулушун байкадык. Жыйынтыктап айтканда, жазуучунун көркөм табылгаларынын тилдик өзгөчөлүгүн иликтөө мындан ары да кеңири кулачын жайып, улана берет деген ишенимдебиз. Адабияттар: 1.Аширбаев Т. ( 2018).Кыргыз тилинин стилистикасы. 1-том. –Б.: 348 б. 2.Айтматов Ч. (2018).Чыгармаларынын 10-томдук толук жыйнагы, Бишкек, “Улуу тоолор”. -584 б. 3.Айтматов Ч. (2014).Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы.Бишкек, “Улуу тоолор”.-604 б. 4.Кудайбергенов С.(1983).Кыргыз адабий тилинин стилдик түрлөрү/ Жооптуу редактор С.Кудайбергенов.-Фрунзе:Илим, 76. 5.Мусаева Т.С. ( 2015).Сөз варианттары жана норма.-Бишкек.-176 б. 6.Лингвистический энциклопедический словарь. (1990).-М.:Сов. Энцикл., 80-81. 7.Сейдакматов К.(1982).Кыргыз тилиндеги сөз маанисинин жана варианттарынын өнүгүшү.-Ф: Мектеп, 34. 72 ГЛОССАРИЙ Аккредитация - (лат.accredere –ишенүү)- билим берүү мекемесинин өз бүтүрүүчүлөрүнө билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ берүүгө, борборлоштурулган мамлекеттик каржылоо системасына кошулууга жана герб мөөрүн колдонууга укуктуулугу Алгоритм – белгилүү бир убакытты милдеттерди чечүүнүн натыйжаларына жетишүү үчүн аткаруучунун иш-аракеттеринин тартибин баяндоочу нускалардын так тандалышы Адабий тил - белгилүү бир нормага салынган элдин тилине айланган тил. Адабий тилдин кеңири мааниде түшүндүргөн аныктамасын В.В.Виноградов төмөндөгүдөй белгилеген: Адабий тил- белгилүү бир (же бир канча)элдин жазмасында колдонулган жалпы элдик тили.Ал расмий иш кагаздары- документтердин, мектепте окутуунун, турмуштун ар түрдүү чөйрөсүн камтыган байланыштын тили, илимдин, публицистиканын, көркөм адабияттын тили, маданияттын бардык тармактарында байланыштын куралы катарында жазма жана оозеки формасында колдонулат. Абзац -(нем-бөлүм) – текстте бүткөн бир ойду бере турган логикалык бөлүмдүн жаңы жолдон башталышы. Аннотация-ар кандай илимий эмгекке, окуу китебине, көркөм адабиятка же деги эле жаңыдан чыккан басылмага кыскача түшүнүк берүүдө жазылат. Мурун эмгектин толук аты аталып, авторлордун аты-жөнү, китепти рецензиялаган адамдардын ким экендиги жана квалификациясы, басмага сунуш кылган мекеменин аты аталат. Андан кийин китептин мазмуну, кимдерге арналгандыгы, максаты аныктама менен мүнөздөлөт. 73 Аннотация-макаланын, чыгарманын, берилген кыскача мүнөздөмө, баа. эмгектин мазмунуна Айтым – сүйлөм формасында коммуникациянын минималдык бирдиги. Алфавит – жазуу системасында колдонулган жана белгилүү тартип боюнча жайгаштырылган тамгалардын топтому. Баа –программада аныкталган ББК жана компетенцияларды студенттердин өздөштүрүү даражасынын шарттуу белгилерде (балл) туюнтулушу. Баалоо каражаттары –бул контролдоочу тапшырмалардын топтому, ошондой эле студенттердин окуу материалын өздөштүрүүсүнүн сапатын аныктоо үчүн колдонулуучу формалардын жана процедуралардын баяндалышы. Баалоо каражаттарынын фонду –окуп –үйрөнүүнүн түрдүү стадияларында студенттерде компетенциялардын калыптангандыгын баалоо үчүн, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлин даярдоонун багыты (адистик) боюнча мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайыктуулугун аныктоочу аттестациялык сыноолор үчүн түзүлгөн методикалык жана контролдоочу, өлчөөчү материалдардын комплекти. Баяндама –жазуу ишинин бул түрү грамматика жана логиканын мыйзамдарына ылайык тилдик каражаттарды эркин колдонуу менен текстти өз сөзү менен жазуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Билим берүүнүн сапаты – билим берүүнүн натыйжаларына ар түрдүү билим берүү субьектеринин (окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн, коомдун) күтүүлөрүнө же алар тарабынан коюлган билим берүү максаттарына жана милдеттерине ылайык келүү баскычы. Билим берүүнүн сапатты анын билим берүү стандарттарына жана керектөөлөрдүн суроо-талаптарына ылайыктуулугун көрсөтөт. 74 Баяндоо - болуп өткөн, же болуп жаткан окуя, кубулуш жөнүндө маалымат берип, ал тууралуу баян (аңгеме) түрүндө билдирилген кептин тиби. Графика - тигил же бул тилдеги тамгалар менен алардын айкаштарынын ошол тилдеги тыбыштар менен алардын айкаштарына болгон катышын жөнгө салуучу эрежелердин топтому. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, графика деп алфавиттеги кайсы тамга аркылуу тилдеги кайсы тыбыш белгилене тургандыгын аныктоочу эрежелердин жыйындысын түшүнүүгө болот. Графемика - бөлүмүн болсо тыбыштык-тамгалык жана муундук жазуунун фонографиясы тиешелүү. Диагностикалык баа берүү –ББКлардын жана окуучунун компетенцияларынын башталгыч деңгээлин аныктоочу баа берүү. Дисциплинанын компетенциялар картасы –НББПдагы окуу дисциплинага бөлүштүрүлгөн компетенциялардын дисциплинанын жумушчу программасындагы темаларга тиешелүүлүгүн көрсөткөн таблица Дискуссия – (лат.) белгилүү бир маселе боюнча пикир алмашуу, өз ара байланыштуу маселелерди чечүүдө бир пикирге келүү үчүн талкуулоо Диссертация- (латындын диссертатио –ойлоо, ой- жүгүртүү, талдоо деген сөзүнүн маанисинен алынган). Илимий даражага жетишүү максатынан атайын коргоо үчүн кандайдыр бир илимий изилдөөиликтөө иштерине арналып жазылган эмгек. Жазма кеп - кептин жазуу жүзүндө аткарылган түрүн билдирип, белгилүү тема боюнча мазмундуу, системалуу жана байланыштуу ойдун адабий жазма тилдин нормативинде болушун түшүндүрөт. 75 Жобо ( положение) – жыйнактуу кодификациялык мүнөзгө ээ жана ишти уюштуруунун, компетенциясын түзүү тартибин аныктаган ченемдик акт. Жыйынтыктоочу баалоо (суммативдик баалоо) – теманы, дисциплинаны убакыттын белгилүү бир мезгилине (чейректин, семестрдин, жылдын акырында) окуп-үйрөнүүнү аяктоодо билимдердин, билгичтиктердин көндүмдөрүнүн жана компетенциялардын калыптангандык деңгээлин аныктоочу баа берүү Жат жазуу – сабатту жазууга үйрөтүүдөгү маанилүү жумуштардын бири. Орфография, пунктуация, грамматика боюнча алган билимдерин практикада колдонууга машыктырууда жат жазуунун мааниси чоң. Жазылуу максатына, мүнөзүнө карай жат жазуулар тексти өзгөртүлбөй жазылган жат жазуулар сөздүк, үйрөтүүчү, текшерүүчү, өзүн-өзү текшерүү, көрүү, өздүк, тандама (эскертмелүү, түшүндүрмө, терме) жана тексттин мазмунун өзгөртүп бере турган түрлөрү (эркин, чыгармачылык) деп бир нече топко бөлүнөт: Сөздүк жат жазуу – жат жазуунун бул түрүнө байланыштуу текст эмес, сөздөр, сөздөр жана сөз тизмектери тиешелүү темага ылайыкталып алынат. Орфографиялардын эрежелердин өздөштүрүүнү текшерүү максатында жүргүзүлгөн мындай жат жазуу теманы жыйынтыктоо катары 10-15 мүнөткө эсептелип жаздырылат. Мисалы, орфоэпияга туура келген айтылыштардын туура жазылышын, орфографиялык эрежелерди-баш тамгалардын колдонулушун, татаал сөздөрдүн түрлөрү, алардын жазылышын ж.б. үйрөткөндөн кийин сөздүк жат жазууну алуу максатка ылайыктуу болот. Сөздүк жат жазуу бир же бир нече теманы же бөлүмдү жыйынтыктоодо 20-60 сөздүн чегинде жаздырылат. Текшерүү жат жазуусу - жат жазуунун бул түрүн белгилүү бир тема, бөлүмдөн кийин жүргүзүү сунушталат. Жарым жылдын же 76 бүтүндөй окуу жылынын ичиндеги өтүлгөндөрдү жыйынтыктоо, өздөштүрүү деңгээлин баалоо, текшерүү максатында да жаздыруу да максатка ылайыктуу болот. Өзүн-өзү текшерүү жат жазуусу – Окутуучу жат жазууну жаздырып жаткан учурда студенттер айрым күмөн санаган сөздөрүнүн астын сызып коёт да, текст жазылып бүткөн соң, каталарын түзөтүшөт. Текшергенде оңдолгон каталар эсепке алынбайт. Эркин жат жазуу – жат жазуунун бул түрү студенттерди баяндама жана дил баян жазууга көнүктүрөт. Мындай жат жазууну жаздырууда окутуучу көлөмү анча чоң эмес сюжеттүү текстти алып, студенттерге окуп берет жана түшүндүрөт. Текст өтүлгөн темага байланыштуу орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерди көбүрөөк камтууга тийиш. Текст окулгандан кийин андагы талап кылынган жазуу эрежелерин жана сөздөрдү эске тутуп, болгонунча сөзмө-сөз калганын өз сөзү менен жазышат. Тексттин талабын туура берүү талабы коюлат. Өздүк жат жазуу – студент мурда тааныш болгон сөзмө-сөз калганын өз сөзү менен жазышат.Тексттин мазмунун туура берүү талабы коюлат. Терме жат жазуу - жат жазуунун бул түрүн өткөрүүдө студент текстти бүт бойдон жазбай, мугалим тарабынан сунуш кылынган керектүү гана орфограммаларды же пунктограммаларды жазат. Студенттин көңүл буруусун, эске тутуусун өстүрөт жана орфографиялык сабаттуулугуна басым коюлат. Көрүү жат жазуусу – бул жат жазууну жүргүзүүнүн максаты – көргөн сөздөрүн эстеп калуу, катасыз жазууга үйрөтүү болуп эсептелет.Анын бир нече түрүн колдонсо болот; -Китептеги текст окулат, талдап бүткөн соң жаап коюп, анан жаздыруу; 77 -Текст доскага жазылат, талданган соң өчүрүлөт же бетин жаап коюп, анан жаздыруу; Стилистикалык жат жазуу – жат жазуунун башка түрлөрүнө караганда мында өз алдынчалуулукка, чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот; Стилистикалык жат жазуу – стилистикалык катасы бар, көлөмү чакан 10-15 сүйлөм тандалат; жат жазуунун ар бир сүйлөмү жол башынан жазылып, номерленет; ар бир сүйлөм катасы менен жазылат; аны оңдоо үчүн бир мүнөт ашпаган убакыт берилет. Эскертүү: Катасы оңдолгон сүйлөмдөр баштапкы тексттин тушуна –кийинки таза бетке, номерленип жазылат. Илимий стиль–илимий макала, эмгек ж.б. жазууда тил каражаттарын колдонуунун ыгы. Бул стилге жалпылагандык, логикалуулук, обьективдүүлүк, тактык, системалуулук, ырааттуулук ж.б. мүнөздүү. Интонация – тилдеги фонетикалык, синтаксистик жана эмоционалдык-экспрессивдик маани берүүчү эң татаал көрүнүш. Интонация төмөнкүдөй элементтерден турат: үн ыргагы (мелодика), кептин интенсивдүүлүгү (күчү), кептин темпи, тыным (пауза), кептин тембри Ички кеп - өз алдынча ойлонуу, өзү менен өзү үн чыгарбай сүйлөшүү. Ички кеп сырткы кептин жаралышынын негизи. Интеллектуалдык кеп - кеп негизинен логикалык татаал ой-пикирди билдирет. интеллектуалдуу, Иш кагаздар стили - адабий тилдин функционалдык стилдеринин бири. Боексуз тилдик бирдиктерди, канцеляризмдерди, кесиптик сөздөрдү активдүү пайдаланат. Анын ар бир подстилдеринин жана жанрларынын калыптанып бүткөн экстратилдик факторлору (реквизиттери- маалымдаректери) бар. Иш кагаздар стили өздүк иш кагаздары, расмий, дипломатиялык иш кагаздары болуп бөлүнөт. 78 Кластер- бир темага тиешелүү көп жыйынтыктарды издөө Калыптандыруучу (формативдик) баалоо –баалоо, окутуу жана таануу процессин жакшыртуу максаты менен ар бир окуучу жөнүндө маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо аркылуу баалоо. Калыптандыруучу баалоо – бул баа коюу процесси эмес, окуу процессинин бөлүгү Кредит саат- берилген предметке сарпталуучу убакытты көрсөтөт, окутуу убактысына негизделген чен. Критерийлер – бир нерсеге баа берүү, аныктоо же классификациялоо жүргүзүү белгиси, талкуулоо предметтеринин так иштелип чыккан мүнөздөмөсү. Конспект (лат. conspectus - жалпылоо, обзор, очерк) - окулган же угулган тексттин кыска мазмунун, негизги ойду кагазга түшүрүү Кептин тактыгы – күндөлүк пикир алышуу тажрыйбабызда кеңири колдонулуп жүргөн тилдик каражаттардын конкреттүү кырдаалда зарылчылыкка жараша ачык, таамай болушу - кеп маданиятына коюла турган негизги талаптардын бири, ошондой эле тилдин коммуникативдик сапатын айгинелөөчү касиети кептин тактыгы деп аталат. Кептин тазалыгы - жалпы маданияттын, улуттук адеп, кулкмүнөздүн, үрп-адаттын тикеден-тике көрүнүшү,тилдин маданиятын арттыруунун булагы, өбөлгөсү Кептин тууралыгы – кептин тууралыгы жалпы коомчулук үчүн бирдей мүнөзгө ээ болгон адабий тилдин калыптанган нормасына ылайык туура бере билүү менен гана чектелбестен, конкреттүү шарт, кырдаалга жараша тилдик бирдиктердин эң мыктысын колдонуу аркылуу өз ой-пикирин, түшүнүгүн ачык, элестүү жеткирүүгө аракеттенүү болуп саналат. 79 Кинетикалык кеп - өз пикирин кол жаңсоо менен башкаларга түшүндүрүү. Китеп стилдери-адабий тилдин илимий, иш кагаздар стилдери жана публицистикалык стилдин расмий подстили кирген стилдик топ. Коннотация-тилдик бирдиктин кошумча мааниге ээ болушу, семантикалык, стилистикалык боекчолордун, ньюанстардын бирдиктин негизги маанисине кабаттала берилиши. Канцеляризмдер - тилде өзүнчө бир штампка, мөөргө айланган, мааниси жоюлуп кеткен сөздөр же сөз айкаштары. Логикалык ката – туура ой-жүгүртүүнүн закон-ченемдеринин жана нормаларынын бузулушу Менталитет-аң-сезимдин, социалдык маданий, тилдик географиялык тарыхый, этникалык факторлорго байланышкан терең структурасы, дүйнөгө көз караштын улуттук аспектиси. Макулдашуу (согласование) – бул иш кагаздарында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун жана тууралыгын алдын ала каралып, кызыкдар тараптар тарабынан иш кагазына кол коюунун алдында даярдалат. Иш кагазын макулдашууда иш кагаздын заманбаптыгы, актуалдуулугу, даярдоодогу сапаты, экономикалык жана укуктук маселелерде тууралыгы, учурдагы мыйзамдарга ылайык келүүсү сыяктуу маселелер каралат. Окуу-методикалык комплекс – ЖКББнын МББСте каралган милдеттерди талаптагыдай жүзөгө ашыруу үчүн системанын уюштуруучулук жана мазмундук бүтүндүгүн, окутуунун методдорун жана каражаттарын камсыздоого кызмат кылуучу ЖОЖдо ар бир дисциплина үчүн иштелип чыккан окууметодикалык материалдардын топтому. 80 Өздүк баалоо –жыйынтыгы мекеменин натыйжалуулугу, эффективдүүлүгү жана менеджмент системасынын жетилгендиги жөнүндө ой-бүтүм болгон ал мекеменин ишмердигине ар тараптуу баа берүү. Рубрикация-тексттин составдык бөлүктөргө бөлүнүшү, бир бөлүгүнүн экинчи бөлүгүнөн графикалык жактан ажыратылышы, ошондой эле текстте заголокалардын, нумерациялардын жана башкалардын колдонулушу аталат. Реквизит латынча requisite - талап кылынуучу деген түшүнүктөн алынып, кыргызча иш кагазындагы же кайсы бир документтин курамындагы сөзсүз сактала турган формалдуу белгилердин (маалыматтардын) жыйындысы, аларсыз иш кагазы же документ юридикалык жактан жараксыз болуп калышы мүмкүн. Портфолио – окуучунун иштерди аткарууда күч-аракеттин, бир же бир нече предметтер боюнча анын прогрессин жана жетишкендиктерин көрсөтүүчү иштерин максаттуу багытта жыйноо, жетишкендиктердин папкасы. Паралингвистика-тил илиминин вербалдуу эмес (тилдик эмес) каражаттарды изилдөөчү бөлүмү. Тилдик билдирүүдө жана башка бирөөгө ойду жеткирүүдө тилдик каражаттар менен биригип, маанилик информацияны жеткирүү жолдорун изилдейт. Педагогикалык окуу - педагогдордун, педагогикалык илимдин жана эл агартуу ишмерлеринин коомдук өкүлдөрдүн алдыңкы тажрыйбаларды жыйынтыктоо жана жайылтуу максатында өткөрүлүүчү кеңешмеси. Педагогикалык окуу адегенде райондордо, шаарларда андан областтарда, республикада өткөрүлүп, материалдары жарыяланат. Презентация - өз алдынча окуудан жаралган жаңы маалыматтар. Буга тиешелүү элементтер, түзүлүшү, өзгөчөлүгү ж.б. кирет жана аны кыска көлөмдө тааныштыруу. 81 Стиль – тексттин тилдик бирдиктерди жана экстратилдик каражаттарды колдонушунун биримдиги. Стилистика - сүйлөөчүнүн же жазуучунун оюн башка бирөөлөргө так берүү үчүн тилдик каражаттарды туура тандап алуунун ыгын үйрөтүүчү тил илиминин бир бөлүгү болуп саналат. Стилистиканын изилдей турган негизги обьектиси – тил. Стилистикада тилдин ар түрдүү шартта, тилдик катнаштын ар кандай формада, коомдук турмушта ар түрдүү колдонулушун изилдейт. Стилистика тилдик материалдардын төмөнкүдөй маселелерди ичине алат: тилдик норма, стиль, стилдик маани, стилдик боек. Кыргыз тилинин стилистикасынын өнүгүшү, жазма тарыхы саналуу гана мезгилди өзүнө камтыгандыктан,азыркы мезгилде көптөгөн илимийлингвистикалык ачылыштарды талап кылууда.Текст жазуунун ар бир стили тилдик каражаттарын талап кылат жана өзүнчө стилистикалык боёкко ээ. Стилистикалык боек - бул кандайдыр бир кеп стилине тиешелүү болгон тилдик каражат. Субграфемика – ар кандай жазуунун алгачкы түрүн жана идеографияны ичине камтыйт. Тест – (англ.-сыноо, текшерүү, байкоо жүргүзүү) – сыналуучунун билим, билгичтик жана көндүм деңгээлдерин кыска убакыттан ичинде аныктоого арналган каражат. Текст - жазууда же басмада берилген кептик чыгарма (бирдик). Маанилик жана грамматикалык жактан байланышкан, стилистикалык бир тутумда турган жана бир бүтүндүктү түзгөн бөлүктөрү бар кептин жазууда берилген түрү. Тил - айтылган ойду кабарлоо жана кабылдоо аркылуу ишке ашырыла турган адам баласынын пикир алышуу куралы, уңгу мүчө, сөз, сөз айкашы, сүйлөм өңдүү тилдик белгилердин өзгөчө системасы. 82 Тыным – фразалардын, анын бөлүктөрүнүн араларындагы кыска же узак тыныгуулар тыным деп аталат. Тыным Магистрдик диссертациянын мазмуну магистранттарды кесиптик даярдоодо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын эске алуу менен жана төмөнкүлөрдү диссертациялык ишинде камтуу керек: учурунда сүйлөөчү дем алып, кийинки фонетикалык бөлүктөрдү айтууга даярданат.Ал оозеки кептин түшүнүктүү жүзөгө ашышында чоң мааниге ээ. Тиркеме (приложения) - буларды негизги иш кагазына шилтеме, анын барактарынын жана көчүрмөлөрүнүн саны көрсөтүлөт. Эгерде тиркеме жок болсо анда беттеринин саны көрсөтүлбөйт. Ой кортундусу – бир нече ой пикирлердин негизинде айрым логикалык жактан байланышкан закон-ченемдерге таянуу менен жаңы түшүнүктүн келип чыгышы. Ойлонуу билгичтиги – маалыматты өздөштүрүү, талдоо, системалаштыруу, топтоо, кайрадан иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү. Оозеки кеп – сүйлөө, айтуу жана пикир алышуу менен оозеки түрүндө аткарылып, орфоэпиялык мыйзам-ченемдүүлүктүн негизинде үйрөтүлүп, машыктыруу жүргүзүлөт. Орфография - сөз жана сөз мүчөлөрүн туура жазуу эрежелери. Демек, ал адабий тилдин жазуу нормаларын аныктоочу эрежелердин системасы болуп саналат. Орфограмма – белгилүү бир орфографиялык эреженин негизинде жазылган жөнөкөй же татаал сөз. Орфографиялык норма – жазма тилдин бардык тармактарында милдеттүү түрдө сакталат жана сабаттуулуктун көрсөткүчү болуп саналат. 83 Муун - тилдеги эң кичинекей айтым бирдиги муун деп аталат. Бир дем чыгаруу менен айтылган бир же бир нече тыбыштардын ыргагы муун деп белгиленет. Метатеза - бир сөз ичиндеги тыбыштардын орун алмашып айтылышы аталат. Эссе – конреттүү себеп, же суроо жекече таасирлерди жана ойлорду билдирген чакан көлөмдөгү жазуу ишинин түрү. Троптор негизинен лексика семантикасы аркылуу түзүлөт. менен байланышып, сөздүн Оксюморон - бири-бирине карама-каршы келген, бирин-бири жое турган түшүнүктөрдүн биригиши, айкашы. Мисалы, тирүүнүн өлүгү, акылдуу жинди, узундун кыскасы ж.б.у.с. Синтаксистик параллелизм - айрым бир сөз айкашынын, тизмегинин кеп ичинде өзгөртүлбөй кайталануусу. Бул ыкма кептеги негизги ойду, маселени баса белгилөөгө өбөлгө түзөт. Цитата - (лат. – күбөгө тартуу)- өз пикирин түшүндүрүү жана бекемдөө үчүн башка бир автордун чыгармасынан өтө чакан үзүндү же бирөөнүн кыска сөзүн пайдалануу. Цитатаны өз орду менен ыктуу пайдалануу адамдын интеллектуалдуу деңгээлинин канчалык даражада экендигин аныктайт. 84 КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР 1.Аширбаев Т. Кыргыз тилинин стилистикасы. 1 том. (1-2) китеп. –Б.: 2018. 348 б. 2.Азыркы кыргыз тили. –Б.:2009. -640 б 3. Маразыков Т.Текст: Маалымат алмашуунун негиздери.-Б.: 2014. 92 б. 4. Маразыков Т. Тексттин стилдик түзүлүшү.-Б.: 156 б. 46-60беттер. 5. Тагаев Б. Адабий редактирлөө. –Б.: 2007. -88 б. 6. Нармырзаева К. Кеп маданияты. –Ош: Воок-дизайн, 2015. -203 б. Окуу-методикалык колдонмо. 7. Зулпукаров К.З.Введение в китайско-киргизское сравнительное языкознание.-Б.: 2016.-768 с. Кошумча адабияттар 1. Алтыбаева М.Кесиптик билим берүүдө окутуунун натыйжаларын долборлоо маселелери. Ош, 2018.-224 б 2. Кыргыз тилинин сөздүгү. –Б.:2011 -880 б. 3. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. –Б.:2015-800б. 4. Нармырзаева К. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү. – Б.2011. -192 б. ОшМУ электронная библиотека. Iboks .kg 5 .ОшМУнун № 29 Бюллетени. Электрондук окуулуктар 1. Нармырзаева К. Атооч сөз түркүмдөрүнүн Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы стилистикалык өзгөчөлүктөрү. Окуу куралы.Ош, 2012. -171 б.ОшМУ электронная библиотека. Iboks .kg 85 МАЗМУНУ АЛГЫ СӨЗ ..................................................................................................................................... 4 МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ СТИЛИН ЖАНА КОМПОТЕНТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ .................................................................................................................... 5 МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫН ТАЛАПТАРЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ .................. 11 МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫ АТКАРУУДА СТРУКТУРАСЫН БЕРҮҮНҮН ҮЛГҮЛӨРҮ .................................................................................................................................. 30 АВТОРЕФЕРАТТЫ БЕРҮҮНҮН ҮЛГҮЛӨРҮ ........................................................................ 45 ИЛИМИЙ МАКАЛАНЫ ДАЯРДООНУН ТАЛАПТАРЫ, ҮЛГҮЛӨРҮ .............................. 55 ГЛОССАРИЙ ............................................................................................................................... 73 КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР ............................................................................................. 85 86 Басууга берилди: 14.03.2024-ж. Форматы 60х90 1/16. Көлөмү: 5,3 ш.б.т. Буюртма № 19/24. Нускасы: 100 даана “Book-дизайн” полиграфия борбору Кыргыз Республикасы, Ош шаары, И. Сулайманов көч. 3. 87